Путин: Крым көпүрөсүндөгү жардырууну Украинанын атайын кызматы уюштурган

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Жазылуу
Россия лидери жардырууну теракт деп сыпаттады.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Крымдагы көпүрө Украинанын атайын кызматынын буйрутмасы менен жардырылган. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушууда билдиргени Кремлдин сайтында жазылган.
"Бул — Россиянын жарандык маанилүү инфраструктурасын талкалоого багытталган теракт. Анын автору жана аткаруучулары Украинанын атайын кызматы", — деди президент.
Бастрыкин өз кезегинде терактыга Россия жана башка мамлекеттин жарандарынын да тиешеси бар экенин айтып, алар даярдоого көмөк көрсөткөнүн кошумчалады.
"Биз 205-берененин 2-бөлүгү ("Террорчулук") фактысы боюнча иш козгодук. Муну иликтөөнүн биринчи этабындагы маалыматтар тастыктайт. Бир топ күбө суракка чакыртылып, атайын эксперттик иликтөө жүрүп жатат. ИИМ жана Федералдык коопсуздук кызматына ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди", — деген Бастрыкин.
Ал жардырылган жүк ташуучу автоунаанын маршруту такталганын кошумчалаган. Машина Болгария, Грузия, Армения, Түштүк Осетия, Краснодарды кыдырган. Ошондой эле терактыны жасашы мүмкүн дегендердин айрымдары аныкталганы айтылды. Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин Крым көпүрөсүндөгү эки автоунаа тилкесинде кыймыл жанданганын Telegram-каналы аркылуу билдирди.
8-октябрь күнү таң атпай Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгүндө жүк ташуучу автоунаа жардырылып, анын кесепетинен күйүүчү майды темир жол аркылуу ташыган жети цистерна өрттөнгөн. Жарылуунун кесепетинен Краснодар жана Керчь шаарларын бириктирген жолдун бир бөлүгү ураган. Кырсыктын себебин тактап, кесепетин жоюу үчүн Владимир Путин өкмөттүк комиссия түзүү тапшырмасын берген. Тергөөчүлөр жардырылган автоунаага Краснодар крайынын тургуну ээлик кыларын аныкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жүк ташыган автоунаанын жанында бараткан жеңил машинанын үч жүргүнчүсү көз жумган.
Украина президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Зеленскийдин билдирүүсүн дүйнөлүк согуш баштоого чакырык деп атады
Жаңылыктар түрмөгү
0