Нысаптуу бололу! Бишкек мэри үй ээлерин ижара акысын жогорулатпоого чакырды

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2022
Жазылуу
Калаа башчысы мындай кырдаал жаңы окуу жылы башталып, суук түшүп жаткан маалга туш келгенин белгиледи.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ижарага батир берген жарандарды бааны көтөрбөөгө чакырды.
Абдыкадыровдун айтымында, пандемияга байланышкан экономикалык кризиске, тышкы саясий факторлорго (россиялыктардын массалык түрдө келиши сыяктуу) жана башка ар кандай себептерге байланыштуу борбор калаада турак жайга суроо-талап кескин түрдө жогорулады.
"Жыйынтыгында биз ижарага батир бергендердин ынсапсыз аракеттерине күбө болуп жатабыз. Суроо-талап күчөгөнүнөн пайдаланып ижара акысын эки-үч эсе кымбаттатып жатышат. Анан калса жаңы баада төлөй албаган мурунку тургундарды батирден чыгарып салышууда", — деди мэр.
Ал арада риелторлор дагы кызмат акысын көтөрүп жибергенин белгиледи.
"Биздин эле шаардыктар: туугандар, жакындар, достор, кесиптештер, тааныштар каржылык жана моралдык кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Көпчүлүгү туугандарынын үйүнө барып жашоого аргасыз, башкалары ижара акысы арзаныраак турак жай таба албай убара. Мындай кырдаал жаңы окуу жылы башталып, суук түшүп жаткан маалга туш келди", — деди Абдыкадыров.
Ошондой эле ал ынсапсыз үй ээлерин кайдыгер болбой батирге муктаждарга жардам көрсөтүп, бааны жогорулатпоого чакырды.
"Келгиле, мындай кыйын учурда бири-бирибизди колдоп, мекендештерди түшүнүү менен кабыл алып, кырдаалдан пайдаланып акча жасоо жолун издебейли. Мен бири-бирибизди түшүнүп, колдоо көрсөтөрүбүзгө ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктады калаа башчысы.
Чемодан менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Ижарага алган батирден чыгарылгандар юридикалык жардам алса болот. Телефон
Жаңылыктар түрмөгү
0