1-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСаргарган жалбырак. Архив
Саргарган жалбырак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ишемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл чөлкөмүндө +12...+14, Нарын жергесинде +9...+14 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13...+15 жана Ошто +20...+22 градуска жетет.
Газ конфоркасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0