Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Жарандарыңарга жек көрүүнү сиңирбегиле. ТИМ тажик тарапка жооп кайтарды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
Кыргызстан Тажикстан өлкөлөр ортосундагы тынчтыкты бузууну көздөгөн чагымчыл билдирүүлөрдү таратып жатканын айтты.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын ТИМинин билдирүүлөрүнө жооп кайтарды.
Министрлик Тажикстан ТИМинин "тараптардын ортосунда чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тынчтыкты бузууга жасаган кезектеги аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылыгын" билдирди.
Билдирүүнүн тексти:
Өзүнүн негизсиз айыптоолору менен бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында толугу менен өзүн-өзү дискредитациялаган Тажикстан ТИМинин билдирүүсүн чагымчыл деп эсептейбиз;
Кыргызстанда "тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты" бар деген маалымат таптакыр орунсуз жана Тажикстандын ТИМ өкүлдөрү чындыктан алыс экендигин, аталган маселе боюнча Кыргызстандагы иштер тууралуу түшүнүгү жок экендигин көрсөтүп турат;
Мисалы, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 22-сентябрында "Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалгандыгы тууралуу билдирип, кийин тажик тарап бул кабарды шашылыш түрдө оңдоп-түздөгөн. Бирок Facebook социалдык тармагында Даврон Хотам аттуу колдонуучунун билдирүүсү жарыяланып, анда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө анын улуту жана жынысы боюнча маалыматтарды өзгөртүп, Кыргызстандын укук коргоо органдарын каралоо үчүн аны саясий максатта пайдаланганын билдирген. Бул жалган маалымат мындан башка бардык билдирүүлөр да фейк экенин тастыктайт;
Ошону менен бирге Тажикстандын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандарынан жана этникалык кыргыздардан күч органдарынын кызматкерлери түшүндүрмөсү жок эле мамлекеттен чыгып кетүүсүн талап кылган учурлар бар, кайрылуулар болуп жатат. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кыргыз жарандарына басым көрсөтүү фактыларынын күчөшү белгиленүүдө;
Эл аралык укук коргоочу уюмдар этникалык кыргыздардын жана Тажикстандагы башка улут өкүлдөрүнүн абалы жөнүндө иликтөө жүргүзүүсү ылайыктуу болмок. Алар Тажикстанда этникалык дискриминация жана адам укугун бузуу фактыларын жетишерлик аныктап чыгышмак;
Кыргызстан тараптан аба мейкиндиги бузулгандыгы тууралуу тажик тараптын билдирүүсү да чындыкка дал келбейт. Ошол эле учурда тажик тарап дрондорду колдонууну улантууда. Мисалы, 20-22-сентябрь күндөрү Баткен облусунун "Кызыл-Бел-автожол" чек ара өткөрүү пунктунун аймагында жана Алай районундагы Найман-Ашууда Тажикстандын учкучсуз учагы бир нече жолу байкалган;
Тажикстандын Бишкектеги элчилиги боюнча айтсак, 1961-жылдагы дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясына ылайык, кыргыз тарап өзүнүн эл аралык укуктук милдеттенмелерин толук жана ак ниеттүүлүк менен аткарып жатканын баса белгилейбиз. Ошол эле учурда Тажикстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же мүлкүнүн коопсуздугуна байланыштуу кандайдыр бир кооптонуулар бар экендиги тууралуу кайрылуулар келип түшкөн эмес. Бул дагы бир жолу тажик тараптын коомдук мейкиндикке таштаган жасалма билдирүүлөрүнүн аныктыгы күмөн экенинен кабар берет;
КР ТИМи жалган маалыматты колдонуу менен Тажикстан жарандарынын аң-сезимин жалган жалаа менен манипуляциялоону, сабырсыздык, жек көрүү жана кастык маанайды түзүүнү токтотууну тажик тараптан талап кылат.
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик жарандарына коркутуу, куугунтуктоо болгон жок. ИИМдин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0