Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына барды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров учактан түшүп баратат. Архив
Президент Садыр Жапаров учактан түшүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы сапардын алкагында уюмдун баш катчысы менен жолугат.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров Гуттериш менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулай турганы айтылган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
ШКУ чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0