https://sputnik.kg/20220918/kulubaev-buunun-bash-katchysy-menen-suyloshtu-1068010367.html
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Садыр Жапаров менен Нью-Йоркто жолугушат
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Садыр Жапаров менен Нью-Йоркто жолугушат
Sputnik Кыргызстан
БУУнун баш катчысы өтө тынчсыздануу менен кырдаалга көз салып турганын, жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтык диалогу менен чечүү зарылдыгын белгилеген. 18.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-18T00:30+0600
2022-09-18T00:30+0600
2022-09-18T00:54+0600
чек арадагы жаңжал. кыргызстан менен тажикстандын тиреши
кыргызстан
буу
антониу гутерриш
сүйлөшүүлөр
жээнбек кулубаев
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e6/09/12/1068010642_516:206:2523:1335_1920x0_80_0_0_6caf74ab9f38d92e1257e8c68087dd2c.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын кол салуусу боюнча БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.Анын алкагында Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен жолугушууга даярдыгын билдирген.Ошондой эле кийинки жумада Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин менен жаралган жагдайды талкуулай турганын айткан.Өз кезегинде Кулубаев БУУнун баш катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан каза тапкандар болгонун, арасында жай тургундар бар экенин маалымдаган. Жергиликтүү жашоочулар жер которуп, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер, турак жайлардын талкаланганын маалымдаган. Аны менен катар кыргыз жарандардын мүлкү жана буюмдары таланып-тонолгонун билдирген.Өз кезегинде БУУнун баш катчысы өтө тынчсыздануу менен кырдаалга көз салып турганын, жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтык диалогу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.
https://sputnik.kg/20220917/tim-diplomattardy-batken-kyrdaal-maalymat-1068006627.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/12/1068010642_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_acc73f6fe7bdefb92ce656c7fb3e06f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, буу, антониу гутерриш, сүйлөшүүлөр, жээнбек кулубаев, садыр жапаров
кыргызстан, буу, антониу гутерриш, сүйлөшүүлөр, жээнбек кулубаев, садыр жапаров
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Садыр Жапаров менен Нью-Йоркто жолугушат
00:30 18.09.2022 (Жаңыртылды: 00:54 18.09.2022) БУУнун баш катчысы өтө тынчсыздануу менен кырдаалга көз салып турганын, жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтык диалогу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын кол салуусу боюнча БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Анын алкагында Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен жолугушууга даярдыгын билдирген.
Ошондой эле кийинки жумада Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин менен жаралган жагдайды талкуулай турганын айткан.
Өз кезегинде Кулубаев БУУнун баш катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан каза тапкандар болгонун, арасында жай тургундар бар экенин маалымдаган. Жергиликтүү жашоочулар жер которуп, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер, турак жайлардын талкаланганын маалымдаган. Аны менен катар кыргыз жарандардын мүлкү жана буюмдары таланып-тонолгонун билдирген.
"Кыргызстан чыңалууну басаңдатуу боюнча саясий-дипломатиялык күчтөрдүн бардык деңгээлиндеги чараларды колдонууда. Өкүнүчтүүсү тажик тарап ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашууларды аткарбай жатат. Тажикстандын куралдуу күчтөрү жана аскерий эмес топтору Кыргызстандын эгемендүү аймагына кыянаттык менен баскынчылык кылды. Кыргыз тарап өз жерин коргоо максатында жооп кайтарды", — деп айткан Кулубаев.
Өз кезегинде БУУнун баш катчысы өтө тынчсыздануу менен кырдаалга көз салып турганын, жаңжалды андан ары ырбатпай, тынчтык диалогу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.