Октябрда пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомго чейин көтөрүлөт

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioКарыя адам. Иллюстративдик сүрөт
Карыя адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Пенсияны жогорулатууга октябрда 3,7 миллиард сом каралган.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Финансы министрлиги 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйө турганы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, пенсиянын орточо өлчөмү республика боюнча 6 093 сомдон 8 080ге чейин көтөрүлөт. Бул 33 пайызга же орточо эсеп менен 2 000 сомго көбөйөрүн түшүндүрөт.
Пенсияны жогорулатууга октябрда республикалык бюджеттен 2 миллиард 395,8 миллион, Социалдык фонддон 1 миллиард 341,3 миллион сом бөлүнөрү айтылды.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Аскер кызматкерлеринин акчасы жогорулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0