Кыргызстандын эки балбаны дүйнө чемпионатында коло медаль утту

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2022
Жазылуу
Эки балбан тең эркин күрөш боюнча беттешкен.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медаль алышты.
Экөө тең эркин күрөш боюнча беттешкен. Эрназар Акматалиев индиялык балбан менен кармашып, аны 4:1 эсеби менен жеңген. Ал эми Будажапов болгариялык атаандашын 5:1 эсебинде уткан.
Муну менен спортчулар Кыргызстандын капчыгын беш медаль менен толукташты. Анын экөө алтын болсо, үчөө коло.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Дүйнө чемпионатынан кайткан кыргызстандык балбандарды тосуп алуунун видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0