Европа биримдиги элди "электен өткөрөбү"? Ой толгоо

© AFP / ALESSANDRO RAMPAZZOРоссиядан Финляндияга өтүп жаткан туристтер
Россиядан Финляндияга өтүп жаткан туристтер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Жазылуу
Жаңырган аптадан тарта россиялык паспорт ээлерине Шенген визасы жаңы тартипте берилет. "Өнүгүү жана демократияга" күйүп-бышкан Брюсселдегилер ушундай чечим кабыл алышты.
Анткен менен европалык эркиндик өз санаган адамдарына гана берилерин айткан серепчи Елена Караеванын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Идеологиялык жактан башкача көз караштагыларга сыртка, европалык чөлкөмгө киргизүүгө уруксат жок. Сыркоолоп, дарыланууга бараткан, туугандарынан ыраак жашаган же "чет өлкөлүк" окуу жайларга аттангандар гана киргизилет.
Айтор, алтымыш жыл мурдагы ошол эле европалык пропагандадан түк айырмаланбайт. Ошол тушта деле СССРден бир жакка чыгуу экономикага байланыштырылган, ошондой эле санкциялар жана соода алакаларын чектөө да коюлчу. Чыгуу да, кирүү да чоң "артыкчылык" болгон. Азыр деле өлкөгө кирүү, чыгуу маселелерин Батыш ошол убактагыдай саясий өңүттө карайт.
Мындай кадамдарды чектеген санкциялар баш ийбестик, өз алдынчалык, көз карандысыздык үчүн салынары айдан ачык. Бирок экономикадан кеп козголгондо баары бир акыл калчаган туурадыр. Анткен менен дал ушул учурда россиялык паспорт көтөргөндөрдүн баарына каршы чектөө киргизүү акыл чегинде эмес, элди иргеп, тандоодой туюлат. Айтмакчы, шериктештик жана тең укуктуулук деп жар салгандарына карабастан, Европа биримдигинде адамдарды "электен өткөрүү" кадыресе көрүнүш.
Виза маселесинен кийин европалык өлкөлөрдө туруктуу жашоого уруксат алганда россиялык жарандардын кезеги келет. Алардын уруксатын узартабы же жокко чыгарабы, аны да убакыт көрсөтөр. Бирок ал да Россиянын аракеттерине жараша карап чечилери ырас.
Үчүнчү баскычта россиялык да, европалык да жарандыгы барлар, дайым Европа биримдигинин аймагында жашагандардын "тагдыры" чечилет. Маселен, чөлкөмдөгү үлкөндөрдүн бири Францияда башка өлкөнүн жараны болсоңуз, аталган республикага да, өз мамлекетиңизге да каршы аракеттерге барсаңыз, жарандыктан ажыратыласыз. Кейиштүүсү, мындай жоболорго деле ар кандай шылтоолор менен деле тууралап коюшу ыктымал.
Адамдарды иргөөнү адам эмес, кайсы бир бийлик чечет. Кептин баары башатта, эгер бирөө баштап койсо эле уланып, күчөп кетери турулуу иш. Мындайда, албетте, колдон чыгарганыңа ичиң ачышат, бирок чындыкты даана көрүп алууга шарт түзүлөт.
Европа парламенитин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Кудум байыркы империя кыйрагандай... Европанын азыркы тагдыры
Жаңылыктар түрмөгү
0