Forbes: Россиянын газы жок Европа орто кылым дооруна кайтууда

© Sputnik / Алексей ВитвицкийЕвропабиримдигинин желеги. Архив
Европабиримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Жазылуу
Автор Германияда электр энергиясынын кымбатташынан улам ишканалар жабылып жатканын, Британия да энергетика жаатында бир топ көйгөйгө тушукканын белгилеген.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Европа мамлекеттери узакка созулчу энергетикалык каатчылыкка тушугуп, орто кылымга кайтып жатат. Учурдагы абалга баам салган баяндамачы Кеннет Рапозанын макаласын Forbes жарыялады.
"Батыш Европадан келген маалыматтар качандыр бир кезде Боливия сыяктуу өлкөлөрдүн жаңылыктарына окшошуп жатат. Мамлекет ресурстарды пайдаланууну чектеп, бул инфляциянын өсүп жаткан фонунда кырдаалды ого бетер курчутууда", — деген журналист.
Автор Германияда электр энергиясынын кымбатташынан улам ишканалар жабылып жатканын, Британия да энергетика жаатында бир топ көйгөйгө тушукканын белгилеген.
Barclays Capital божомолу боюнча, электр энергиясына болгон баанын өсүшүнөн, Европа Борбордук банкынын катаал чаралары жана суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам Евробиримдикке узакка созулган рецессия коркунуч жаратууда. Ал 2023-жылга чейин уланат, мындан улам ИДП 1,7 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн. Каатчылыктын кээрин Германия, Франция, Италия жана Испания көбүрөөк тартат.
Акыркы беш жыл ичинде ЕБ жылына орто эсеп менен 400 миллиард куб метр газ пайдаланып келген, анын 100 миллиардын эл колдонсо, 167 миллиарды өнөр жайга кетип, калганы энергетика секторуна пайдаланылчу. Россиялык атайын операцияга чейин европалыктар колдонгон мунайдын дээрлик жарымын Москвадан алып келген.
Рапозанын айтымында, ЕБ Россиядан келчү импорттун бир бөлүгүн башка жактан алынчу продукция менен алмаштырып, керектөөсүн азайтты. Еврокомиссия кокус Москва менен байланыш таптакыр үзүлө турган болсо биримдик газ чыгымын 15 пайызга кыскартышы керек деген пикирде. Ошондой болгон күндө да континент россиялык отунду сатып алууга аргасыз.
Barclays эскперттери Европа атомдук жана көмүр электр станцияларын ишке киргизип жетпеген көлөмдү толтура аларын белгилешүүдө. Адистер керектөөнү азайтууга шашылуунун кажети жоктугуна токтолуп, мындай жагдай ансыз да алсызданып бараткан экономикага оор сокку болорун айтып жатышат.
Батыш мамлекеттери Мовкага каршы киргизилген санкциялар менен россиялык отундан баш тартуу курсунан улам энергоресурстун кымбатташына жана инфляциянын кескин жогорулашына тушукту. Мунайдын, биринчи кезекте газдын кымбатташы менен Батыш бир топ артыкчылыгынан кол жууп, бул экономиканын башка тармактарына да терс таасирин тийгизди.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыштын экономикалык согуш тактикасы ишке ашкан жок
Жаңылыктар түрмөгү
0