Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Politico: Украинага курал жеткирүү жана Европа АКШнын баш оорусуна айланды

© Фото / U.S. Air Force / Staff Sgt. Shawn WhiteУкраинанын Куралдуу күчтөрү үчүн M777 гаубицасын АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө таандык учактан түшүрүү. Архив
Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн M777 гаубицасын АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө таандык учактан түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Жазылуу
Россия тарап Батыштын Украинага курал-жарак жеткирүүсү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айтып келет.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. НАТОнун Чыгыш Европадагы мүчөлөрүнүн аскердик жабдыгынын түгөнүшү АКШнын баш оорусуна айланды. Бул тууралуу Politico басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Автордун айтымында, Вашингтон союздаштарына америкалык коргонуу компанияларынан аскердик техника сатып алуу үчүн грант берүүнү чечкен. Мындай жолго АКШ бийлиги аргасыздан барууда.
"Вашингтон Украинага бир жолку курал-жарак жеткирүүгө караганда НАТОнун Чыгыш флангында жайгашкан өлкөлөрдү узак мөөнөткө курал менен камсыздап коюу туура деген чечимге келди окшойт. Өтүп бара жаткан аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага жана коңшу өлкөлөргө 2 миллиард доллардан ашык аскерий жардам пакети берилгенин айтты. Бөлүнгөн сумманын жарымына жакыны Албания, Босния, Болгария, Хорватия, Чехия, Эстония, Грузия, Греция, Косово, Латвия, Литва, Молдова сыяктуу өлкөлөргө берилет. Вашингтондун пикиринде, булар "россиялык агрессияга" кабылуу коркунучунда турат", — деп айтылат макалада.
Ошол эле учурда НАТОнун баш катчысынын мурдагы кеңешчиси Менфред Вернер Жо Байден Киевди көбүрөөк курал менен камсыз кылуудан коркуп жатканын, буга Россиянын өзөктүк арсеналы себепкер экенин айтты.
"Россиянын өзөктүк күчү бар, Москва миңдеген өзөктүк дүрмөт менен куралданып, баарына даяр турган кези. Биз кыжырына тийсек, АКШ калкын бир заматта жок кыла алат. Байден ошону ойлонушу керек. Президенттин негизги милдети — Американын калкын коргоо", — деди ал.
24-февралда Украинада атайын операция башталган. Ал эми февраль айынын орто ченинде абалдын курчушунан улам Донбасс республикаларынан карапайым калкты масштабдуу эвакуациялоо күч алган. Учурда Россияда Украинадан качкан миңдеген жаран баш калкалап турат.
Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Москва буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирем деп "от менен ойноп жатканын" билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткирүү орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО өкүлү: Украина көз карандысыз мамлекет катары өзүн жоготушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0