30 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдүн келерки аптадагы аба ырайы

© Sputnik / Виталий БелоусовЫсык-Көл. Архивдик сүрөт
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Апта ичи өрөөндүн тоолуу аймактарына жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптада Ысык-Көл облусунда аба ырайы кандай болорун алдын ала билдирип, божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, апта башында башка аймактар сыяктуу Ысык-Көлдө да жамгыр жаашы күтүлүүдө. 13-сентябрдан баштап күн ачылып, абанын температурасы күндүз 30 градуска чейин ысышы ыктымал. Бирок тоолуу жерлеринде өткүн өтөрү айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Күзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Күн сууктайбы? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0