Жапаров контрабандалык товарларды ооздуктоо боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Жазылуу
Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине бир катар тапшырма берилди.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Контрабандага жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын максаты — улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого, контрабандага жана Кыргызстандын аймагында товарларды эсепке алынбаган ташып келүүгө каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү.
Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине тапшырылат:
үчүнчү өлкөлөр жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстанга импорттолуучу товарларды (жүктөрдү) толук эсепке алууну камсыз кылсын;
контрабандалык же эсепке алынбаган товарларды алып өтүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарын конфискациялоону (алып коюуну) камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын алкагында чараларды көрсүн;
товарларды эсепке алуу боюнча Салык жана Бажы кызматтарынын маалыматтык системаларынын үзгүлтүксүз иштешин, маалыматтарды онлайн-режимде берүүнү, транспорт каражаттарынын мамлекеттик номер белгилерин таануу боюнча автоматташтырылган камералар менен өткөрүү пунктуларын жабдууну камсыз кылсын;
мыйзам ченемдерин бузган импортчулардын/ташуучулардын транспорт каражаттары үчүн атайын токтоочу жайларды даярдасын;
мамлекеттик чек ара аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан товарлардын транзиттик агымына күчөтүлгөн көзөмөлдү киргизсин.
Майрамдык иш чара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Улуттук наркты сактоо боюнча программа бекитилди
Жаңылыктар түрмөгү
0