7-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владислав НогайСуусамыр өрөөнүндөгү мал жайюу учурунда
Суусамыр өрөөнүндөгү мал жайюу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Жазылуу
7-сентябрга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылды.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда эртең эң жогорку температура 37 градуска чыгат, облустардын ичинен Ош дубанынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +34...+36, Ошто +35...+37 градусту көрсөтөт.
Бишкек шаарындагы Манастын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Күндүн табы качан кайтат? Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0