Бишкектин айрым жеринде митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Митингдер Максим Горький атындагы сейил бакта гана өткөрүлүшү керек.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкектин борборунда митинг уюштурууга тыюу салган чечим 1-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эске салсак, алгач Бишкектеги айрым жерлерде ар кыл акцияларды өткөрүүгө быйылкы жылдын апрель айында тыюу салынган. Анда бул мөөнөт 1-сентябрга чейин деп белгиленген.
Мурдагыдай эле "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин, өкмөт үйүнүн, УКМКнын имаратынын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияларды өткөрүүгө болбойт.
Митингдер Максим Горький атындагы сейил бакта гана өткөрүлүшү керек.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Ниязбеков: кескин түрдө айтып кетейин, мындан ары бийлик алмашуу болбойт
Жаңылыктар түрмөгү
0