Элчилик мекендештерге укуктук жардам көрсөтүү үчүн Сочиге барат

Кыргызстан уллуттук желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2022
Жазылуу
Кыргызстандыктар эки күн бою кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Сочи шаарына барып мекендештерге укуктук жана консультациялык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 10-11-сентябрь күндөрү көчмө консулдук кызмат көрсөтүүлөр пландалган. Анда кыргызстандыктар ID/жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк сыяктуу маселелер боюнча кайрылса болот.
Жарандар Сочи шаары, Адлер району, Ленин көчөсү 132, 34-кеңсе дареги боюнча кабыл алынат.
Элчилик мекендештерден Сочиде жана Краснодар аймагында жашаган жакындарына көчмө консулдук кызмат жөнүндө маалымдоону өтүнөт.
Кененирээк маалыматты Краснодар крайы боюнча кыргыз диаспорасынын башчысы Айкан Аргымбаева +7(988)-286-51-20 номери боюнча берет.
ЖК төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Радио
Рахман: мигранттардын маселесин караган өзүнчө орган түзүү зарыл
Жаңылыктар түрмөгү
0