Ысык-Көлгө акыркы болуп Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов келди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевӨзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Сыйлуу конокту өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алган.
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат. Кечээ, 25-августта, Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери келишкен.
Заседание Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Президент Жапаров ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0