https://sputnik.kg/20220825/salyk-chek-ehkinchi-tur-1067191594.html
"Салык чек" лотереясынын 2-туру качан ойнотулары айтылды
"Салык чек" лотереясынын 2-туру качан ойнотулары айтылды
Sputnik Кыргызстан
Экинчи турга бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер коюлат. 25.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-25T18:19+0600
2022-08-25T18:19+0600
2022-08-25T18:19+0600
кыргызстан
салык
лотерея
белек
https://sputnik.kg/img/07e6/06/15/1065453988_589:11:2432:1048_1920x0_80_0_0_d950394b1326ce8becb28926cb1a3534.jpg
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи туру 1-октябрда өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.Эске салсак, лотереянын биринчи туру 1-июлда болгон.Экинчи турда бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотула турганы кошумчаланды. Ал эми үчүнчү, жыйынтыктоочу тур 31-декабрда болуп, анда бир бөлмөлүү батир да ойнотулат.Лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.
https://sputnik.kg/20220720/salyk-chek-lotereyasy-byudzhetke-zhardam-berdibi-1066212586.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/15/1065453988_806:16:2271:1115_1920x0_80_0_0_e026264b2c884bc4765e34266cb3f756.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, салык, лотерея, белек
кыргызстан, салык, лотерея, белек
"Салык чек" лотереясынын 2-туру качан ойнотулары айтылды
Экинчи турга бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер коюлат.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи туру 1-октябрда өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Эске салсак, лотереянын биринчи туру 1-июлда болгон.
"Учурда 110 миңден ашык кыргызстандык Салык кызматынын лотереясына катышууда. Ушу тапта алар 7,8 миллиард сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүп, 7,7 миллиондон көп лотереялык ID-билеттерди алышты", — деп жазылат маалыматта.
Экинчи турда бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотула турганы кошумчаланды. Ал эми үчүнчү, жыйынтыктоочу тур 31-декабрда болуп, анда бир бөлмөлүү батир да ойнотулат.
Лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.