Манастын каарына калган Шоорук хан. Баатырдын Акылайга үйлөнүшү. Баяндан 7 факт

© Фото / Теодор ГерценАкылай. Теодор Герцендин иллюстрациясы
Акылай. Теодор Герцендин иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жазылуу
Бул ирет Шоорук хандын кыргыздарга ыдык көрсөтөм деп, бирок Манастын каарына чыдай албай, акыры 30 сулууну коштотуп кызы Акылай аркылуу кечирим сураганы баяндалат.
Шоорук хандын ою. Маймундуктун Шоорук деген ханы Манастын жеңилбес баатырдыгын, жердин баарын каратып келе жаткан даңазалуу дайынын угат. Баатырсып келген кыргыздын жылкыларын чаап алайын, өзүмө жакындатпай алыс кууп салайын, Анжиян менен Кашкардан бери жакка жологус кылайын, "кыйыктык кылган кыргызды кылычка салып кырайын" деп ойлонот. Шоорук хандын атасынын аты Кезек, өзү болсо ар убактан бир убак элчилеп ат минбей, кызыл куйрук кызыл нарда жүрөт. Төөлөрүн тоо-кырга айдаса алары көбөйгөндөн көбөйүп жапайы болуп кетет экен, чөлүндө соймоңдогон мар жыланы жер жайнайт. Урун мар куланы, уча турган жыланы бар. Жери Кенжут, Күн чыгышы Ималай. Казат билбей бейуруш жашаган эки жүз токсон миң элин бир күнү согушууга чакырат. Чечендер аттуу баатыры, Күлтүкан аттуу балбаны, Күйөнүш, Кеймен деген аяры Эр Шоорук кандын артынан жоого каршы аттанат. Шоорук хандын үч эркеги, эки кызы болуптур. Алардын бири он алты жарым жашы бар, оролгон кара чачы бар, ургаачынын сарасы Акылай деген кыз эле. Кыздын "келишкен кара кашы бар, инжи тиштүү, кыйгач каш, тамагынан көрүнгөн, кара мейиз жуткан аш, колу күмүш зымындай, бели канжар кынындай, сонундугу этинин, зооттон чыккан чыныдай, карагаттай көзү бар, канттан ширин сөзү бар" эле.
Акылайдын түшү. Шоорук хандын колу Манаска каршы аттанып кеткен күнү алардын артынан эртең чыгамын деп Шоорук үйдө калган экен, атасына кериле басып Акылай кеп айтчу болуп келет. Кызы түндө көргөн түшүн айтып, атасын урушка аттанбагын, "Шымал жактан сел келди, селдей көчүп жер келди, жер учурган жел келди" деп, сели кара баткак ылай экенин, ал жердин баарын каптап калганын, элдин көбү селге акканын, өзү чынар башына чыгып, ачасында аман отурса атасы келгенин, анан алар экөө гана кебелбей калганын айтат да, муну түш жоруй турган табирчиге жорутуңуз дейт. Алтайдан келген кыргыз деп асыла берип, алтын тагыңыздан кол жуубаңыз дейт. Антсе атасы сөз жебей, бакшы болуп кеттиңби, жашабай жатып мага баш болуп кеттиңби, чынар терекке чыксаң кыргызды чаап алып, дагы бийик такка чыгат экенбиз дейт.
Шооруктун майданга жөнөшү. Кызынын айтканын кылбай Шоорук хан туусуна байрагын тагып, добулбасын кагып, Кара-Тегин менен келип Алайда жаткан кыргызга капыс эле кол салат. Заматта алар бул жердеги Нойгутту талкалаптыр, Алтайдан келген Ошпурдун айлын кызыл уук кылып чааптыр, Окчуну да аябай кырыптыр. Жети миңдей жылкыны өздөрүнө энчилеп алыптыр. Нар төө минип, кара желек алган, кабагы бийик, көзү чуңкур, кара сакал, тик мурут булар төө үстүнөн найза уруп, кыздарды кырга качырды, жигиттерди оо дүйнөгө жиберди, уруштун кара ниеттигин көрсөттү.
Атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Манас келет деп дүрбөлөңгө түшкөн Орго кан. Улуу баяндан 6 факт
Акбалтанын Манаска кабар айтып келиши. Жума күнү кеч бешим Манас кийик атканы Күлүшаанын тоосуна келген экен. Ага Шоорук хандын шойкомун айтканы Акбоз атын чапкылап, ак сакалын жайкалтып, Акбалта барат. Барып эле Манасты бол деп, артыман жүр деп шаштырат. Бул мынча шашчу киши эмес эле деп Манас жөн-жайын билип, аң уулоосун тыйып, алты кишини Анжиян тараптагы колун алып келүүгө чаптырды. Чабармандар бөлүнүп-бөлүнүп бири кетти Кара-Кулжанын Тарына, Көкүрөк, Көк-Арт баарына, Кара-Алма кайкы белине, бири кетти Топурак-Бел, Кара-Суу, ортосу Ооган дабанга, бири кетти орчун шаар Анжиянга, бири кетти Маргалаң менен Зымынга, бири кетти Кожент менен Жызакка. Манас дале кебелбейт, Акбалта абасы "Алтайдан алып келип, минтип элди талатмак болдуң, кыянат адам экенсиң, кыргызды кырдырмак болдуң", "төрт түлүк малга эли бай, маңгул, калмак аралаш башыбыз Мамыр, кең Алтай, Бар-Көл, Төр-Көл көлүбүз, баштап келип балаага, малынтканын көрүңүз" деп тилдеп кирет.
Манастын колунун келиши. Жер-жерлерден жыйылып, кийик ашпас тоо менен, тар капчыгай зоо менен жүрүп отуруп, Манастын колу ар тараптан Алайга ашып түштү. Шоорук хандын колунун караанын жаңы көргөндө кебелбес айкөл кебелбей, караңгыда уруш салбайын, бир түнү жакшылып уктап алайын деп жатып алат. Шооруктун Дөгөшө деген балбаны төрт миң аскери менен кол салат. Уруш башталып Дөгөшөсү Манастын төшүнө найза саят, найза урулуп атса, бу Манас Аккуласын алдыга камчылып Дөгөшөгө салды эле, найза сынып кетти, найзасына илинип, чалкасынан кеткен балбанды жерден тургуза койбой кабылан жайлап тынды. Шооруктун ушул төрт миң колунун үч миң алты жүзүн тындым кылды. Шоорук хан эми он эки миң кол менен, курал-жарак мол менен Чечендер деген балбанын жиберет. Алардын ичинен Күлтүкан аттуу балбаны күркүрөп моло таштай күрсү алып, жетимиш кулач пил минип Манасты көздөй атылды, ага кошо колдун баары жабылды. Ошол кезде Эр Манас Аккелте мылтыгы менен атты эле, анын доошу алты күндүк жерге угулду, үнүнөн эчендер сулап жыгылды, түтүнү тумандай тоо ичин басты, пил үстүнөн Күлтүканы устундай кулап түштү ташка сайыла. Жөн турбай Чечендер балбан Манаска найза сайды, баатыр анын сайган найзасын күч менен какты да, кылыч менен чапты, Чечендер ат-маты менен жар кулагандай кулап калды. Кыргыздын алтымыш миң аскери, Бакай менен Кыргыл чал баштап душманга карай ат койду. Бир аш кайнамга жеткирбей он эки миң кошунду ойрон кылды. Хан Шоорук колунун теңинен ажырап, өзү баш болуп, аздан-көптөн бөлүнүп, көрүнүп да, көрүнбөй Алайдан Мургапты көздөй бет алып качып жөнөдү.
Кыз Сайкал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Манас Сайкалдын сулуулугуна суктанып, кызылына кызыгып... Улуу баяндан 6 факт
Шооруктун айылына качып барышы. Бири миңден коркпогон эл көрдүм, байкабай барып кол салдым деп калкына барып айтып жатканда, элин эптеп качырып жатканда Манас артынан кууп барып калат. Калкынын көбүнөн айрылган Шоорук хан айласын таба албай Манаска тартуу алып барууну чечет. Ордодо жүргөн отуз кызга кымбат кийим кийгизип, кылдап жорго мингизип, ортого өз кызы Акылайды коёт. Шоорук кызына "башында, балам, кой дедиң, байкабай туруп бок жедим, урушпай ата, кой дедиң, угуп туруп бок жедим" деп кечирим сурап, бу кыргыз деген урушка туулган эл экен, эми сен табытта турган атакеңди өлүмдөн ажыратып кал дейт. Кыздын көнбөскө аргасы жок. Отуз бир сулуу кыз менен, кырк бир кызыл нар менен, кырк көмүркөй зар менен, алты жүз айдап мал менен, нан көтөрүп туз менен элүү сегиз жашка чыккан Шоорук кан алтымыш нөөкөрү менен алтын таажысын баса кийип, бото курун мойнуна салып, эки колун бооруна алып Манастын алдына тартуусу менен кечирим сурап барат. Кыргыздар кечирим берет. Тартууга келген кыздарга жигиттерди тандоо кезеги келет. Кайсыл бирин кармасаң ошол сага эр болот деп кыргыздын эркегинин баары сакал-мурутун тарашып, кыздарга жардап карашып, бойлорун оңдошуп, көздөрүн моймолжутуп тартуу кыздарга тартылып турат. Ортодо кыздар жоодурайт, элинин амандыгы үчүн кимге болсо да тийүүнү эп көрүп.
Акылайдын тандоосу. Тургандарга карай Аядил дегени айтты, "эң биринчи тандоону Акылай жүргүзүшү керек, жол ошонуку" деп. Ошондо "Шооруктун кызы Акылай, шоодураган капырай, короз моюн, аппак эт, койкоңдогон кара бет, карагат көздүү, кардай эт, кашкаңдаган кара бет" бир кысылып койбой, бир тартынып койбой кыздардан бөлүнүп чыгып, кыргоолдой мойну көрүнүп чыгып, сунала басып суйкайып, суу чыбыктай буралып, дал Манастын кашына барды. "Теңин тапты, теңин" деп кыйкыргандар андан көп, "кут болсун, баатыр, кут болсун" айтып темингендер мындан көп. Акылай каалоосун таап, жол ачкан соң Шоорук хан алып келген кыздар бир-бирден жигит тандашты, кызга жаккан жигиттер аларга жакын жандашты. Кыз жетпегендер бири-бирине күлүшөт, кыздуу болгондор кудуңдашып жүрүшөт. Анан колдун баары жыйналып, тартууга келген кыздар менен аларга тандалган кыргыздардын тою Самбыла деген жерде башталды, ат, кунан чабылды, балбан күрөш, эр сайыш, көк бөрүгө арбын байге сайылды. Отуз күн оюн салган соң Манас баатыр кайын атасы Шоорук хан менен кош айтышып, Анжиянга кайра жөнөдү.
Иллюстрация Теодора Герцена из эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Манас баатырдын Текес кан менен урушууга барганы. Улуу баяндан 6 факт
Төлгө спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Кайын журтка жүгүнүү салтын киргизген Карабөрк. Манас баянынан 5 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0