Манас келет деп дүрбөлөңгө түшкөн Орго кан. Улуу баяндан 6 факт

Атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
Бу жолку баяныбыз "кыргыздын кырса түгөнгүс колу келе жатат" деп чуу түшкөн Орго кандын окуясы менен уланмакчы.
Аяр Култаңдын Орго канга кабарга барганы. Баягы куурайдын баарын адам кылган Аяр Култаң дегени антаңдап шашып Терс-Суудагы Текеске келет. Үч күн жол жүрүп, аярлык менен мол жүрүп, ал жерди ордо кылган Орго канга "алтайлык кыргыз алды деп, ага-иниңдин баарына азап түшүп калды деп, Куяс, Текес өлдү деп, жер-суудагы калмакты кыргыз, казак бөлдү деп, бөлгөнүн көзүм көрдү деп" айкырып, дүрбөлөң түшүп ызы-чуу менен келет. Эми сени көздөй сел аккандай кол келе жатат, сен болсо "кармашпай каның төгүлбөй, уштабай колуң сөгүлбөй, урушпай каның төгүлбөй, жатыптырсың бейкапар, Дарыя Кер-Көл башында" деп анын тынчын алат, жоого каршы турууга шаштырат. Дени-кардын, мал-салын сурабай эле канча колу калдайдан, канча колу жаң-жуңдан, канча колу доотайдан – иши кылып карамагында канча миң аскери бар экенин суроо-сопкутка алат. Жаны чыккан, шашкалактаган Култаң аяр жарагыңды камдагын, балбаның болсо баптагын, барсканың болсо саптагын, күлүгүң болсо таптагын, күрөгүң болсо саптагын, күрүчүң болсо актагын, баатырың болсо жаптагын деп катуу айтат. Улуу черүү кол келе жатканын кабар кылып, "кылычың болсо миздегин, кыргыздан бирди көрбөсөң, ит экенсиз сиз дегин" деп карганып да жиберет.
Орго кандын кол жыйноого кириши. Аяр Култаңдан Манастын колу келе жатканын эшиткен Кер-Көл башындагы, Текестин Терек-Суусундагы Орго кан кабарчыларын топ-топ кылып чакырат. Эки-Башка деген жерге баргыла, калың малдуу немелер эле, малына каралап жүрө бербесин, казан асып, от жаксын минген аттын жалына, ал жердеги Буркан деген башчысы ошол Эки-Башка жеринен урушарга эл жыйсын, эл ичинен эр жыйсын, эркектен эме калтырбай урушка даярдасын деп буйрук кылат. Ушундай эле буйругун Ара-Талаа, Чатыр-Көлгө жиберет, ал жактагы арбын элди элебей жатып албоого, эки күндө жолго чыгууга даяр турууга чакырат. Кабарчыларды Саяң жайлоодо, Үч-Сууда, Саятта жаткандарга, Кулутка деген калдайга жиберет, кул-байына карабай, кубатына карап урушка даяр турсун дейт. Кабарды дагы да жаң-жуңу Кулуска айттырат, Тарагайга жайлаган, жаратып күлүк байлаган, сандатып малын айдаган Алтаң, Култаң доотайларга жиберет, алар дароо келсин дейт. Алтооң барып айткыла, Коңур-Саз, Тоң деген жерлерден, алты күнгө калтырбай, аскерин алып кайткыла, экөөң Ала-Белден ашып, ары жагы Чуунун башы деген жерге барсаңар, Адыр, Тулаң, Кашка-Суу бойлой жүрсөңөр Дөңгө деген калаа бар, ошол калааны башкарган Кемен аттуу каны бар, алардын сепили бийик тамы бар, сексен миң үйлүү жаны бар, ага кабар кылгыла дейт. Андан ары өтүп Акунбешим зор пааша бар, ага айткыла дейт. Кайра тартсаңар, кыйналып жүрүп Кызыл-Белден ашсаңар, Чарын деген жерде Алма-Коңур элинде адам уулу жеңбеген Илебин деген бар, ага айткыла, андан күн батыш жүрсөңөр, күн жүрүшкө салсаңар Кашкел дуу-дуу деген каны бар, "аз болгондо аскери алтымыш миң саны бар, Чуу боюнда Чулу бар, ага Акунбешимден угулар, Кашкелден кайра тартыңар, кабарды бачым айтыңар!" дейт. Ошентип Орго кан ат жетпестеги, кол жетпестеги жайнаган журтун Манаска каршы турууга чакырат. Анын ошо кезде эли ушунча көп жерге чачылган, өкүмү өтө көп жерге угулуп турган доору экен. Чакырылгандар жер жайнаган кол менен, курал-жарак мол менен түрдүү түркүн жол менен Орго кандын ордосуна келе баштайт. Ошентип бир аптага жетип-жетпей "ордого доол согулду, Орго кандын үстүнө Ойроттун баары чогулду".
Кыз Сайкал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Манас Сайкалдын сулуулугуна суктанып, кызылына кызыгып... Улуу баяндан 6 факт
Орго канга кыргыздар тууралуу кабардын келгени. Орго канга келгендерден биринчи Кулус жетип, канынан не болгонун сурады. Орго кан туу көтөрүп, кол жыйып душман жакын келгенин, алар кыямат кайым салып атканын, Куяс, Текес өлгөнүн, темселеп качып, кабар салып Култаң аяр келгенин айтат. Келе жаткандар Манас дегени баштаган алтайлык кыргыздар, алар өз колуна Оркундун улуу суусунан улуу черүү, Токтоктун Кара тоосунан толгон аскер кошуп алыптыр, Текестин элин жеңиптир, эми жер жайнаган кол менен, жеңилбес аскер жоо менен бизге карай камынды дейт. Каркыранын Кара-Суудагы Ээрдей белден өтсө эле, бизге келип жетет да, кайрат кылып, калк жыйып камданбасак бекер деп, Орго кан Кулуска айтты кабатыр сөзүн калтырбай. Ошол кезде ордого Түнөгөр деген бир калмакты алып келишет, анысы отуз эки жашта экен. Башына айбалта тийиптир, кашынан кан куюлуп туруптур. Ал сөзүмдүн жок калпы деп көргөнүн айтып келет, "токсон кош эле жылкычы, толуп жаткан жылкысы, тоого-ойго караган мурунтан саны мол эле, астыңкы кошко караган оң миңден жылкы ол эле, арткы кошко караган эки-үч миңге толо эле, аяк жагы жылкынын Чарынын кирген ою эле, Былчакей, Төтө белинде, мында жылкы мол эле, Агыястын башында, кайнап жаткан жылкы эле, Каркыранын сазында, чети Чечек тоосу эле, бери чети жылкынын Чет-Каркыра коосу эле", ушунун баарын эңшерип бурут алганын, ага кошо аз болгондо алты жүз жылкычысын туткундап кеткенин, өзү жок издеп жүрүп ушул кыргынга кабылганын, араң качып кутулганын айтып боздойт. Боздоп барып "Көк теңири жар болуп көрдүм Кулус канды" деп, аягын келип кучактап, агып жашы буурчактап, Түнөгөр түн катып келгенин айтат, эми анык түгөндүк дейт Түнөгөр. Муну угуп турган Кулус аяр Оргонун ордосунда жүргөн тандалма аскерден отуз миңди алып өз калаасына аттанды.
Орго кандын ордосуна аскерлерин топтоло башташы. Орго кан ортосу кайкы кош дөбөгө кол чогулар туусун тикти. Буруттар каптап келсе урушууга биз даяр деп Алтаң, Калтаң доотайы Бугулук ашып жол менен, отуз миң аскер кол менен эң алдын келди. Келип эле: "Камыкпа каным, кулак кайчы буруттар көбөйүп кетти дейсиңби", сенин кабарчың кыргыздан Манас кан чыгып, бизди кырмак болду деп айтты деп каткырып күлүп, шылдың аралаш Калтаң балбан эр Алтаңга айтат. Ошол кезде Буркан каны келет, көп узабай тескей баскан жол менен отуз миң аскер кол менен баатыр Култка келет, солкулдаган кырк миң аскер кылкылдап, түп кыдырып дүңгүрөп, добул согуп күңгүрөп Соорун деген жериндегилер келип калат. Баарын бирден санаса, үч жүз миң аскер жыйналат. Муну көрүп Култаңы аз экен деп таарынат, дагы аскер табалы деп чамынат, уруксат берсең Акунбешим улукка барайын деп суранат. Суранса кантип жок десин, Орго кан Акунбешимге баргын, эртелип кабар салгын, буруттун колу чөптөн да көп экен, коркуп жаным чыгып жатат, жардам берсин дейт жалдырай. Култаң эри ошондо Орго кандын мөөр басылган кандык катын алып, жанына бекем салып, эки күнү, бир түнү жол жүрүп Кеймен деген шаага жетет. Кеймен шаа өзү дале алтымыш төрт миң кол менен аттанганы турган экен. Анан ал Култаңга айтат, эми мындан өтөсүң, таң заарлап жөнөсөң Булагасын шаарына түш болгондо жетерсиң. Ошол жерде Акунбешим канына айт, Кер-Көлдөгү Оргого жардам беремин деп Кеймен жүрүп калды де, "каканчынын калкы элек, калкыңыз биз көздө деп, камсыккан болсок эсте деп, белге таңуу кылчу элек, беттешкендин баарысын, Бээжинден аскер келет деп, бет алдырбай кырчу элек" деп келип, "а алар барып жардам бербесе, ойрон болуп калабыз, Ойроттун баары жайланат деп айткын" деп кабарга жиберет.
Иллюстрация Теодора Герцена из эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Манас баатырдын Текес кан менен урушууга барганы. Улуу баяндан 6 факт
Манастын колунун келе жатышы. Желектерин желбиретип туу кылып, жерди жарар чуу кылып, жердин жүзү тоодой тозоңдон көрүнбөй, кылкандай найза кылкылдап бир жагында Кумдуу-Суу, бир жагында Кара-Суу, Таскылдын ара талаасы аскерге толуп былкылдап Төрө Манас, эр Бакай төрт жүз миң аскер кол менен кумдай болуп куюлуп, жерге жатпай чуурулуп, Кулусун жакка келе жатты. Кыргыз колун карасаң баш-аягы билинбейт, башынан аягына көзүң жетип илинбейт. Турна канат сап болушкан катарлаш, кыйкыйлаган улуу чуу менен келе жатат сан миң кол.
Орго кандын айласы куруп турганы. Манастын колу жакын келгенин билип, Орго кандын көк дөбөдө чогулган даанышмандары добул соктурду. Көп колу урушка даяр турду: мергендер мылтык октошту, милтелерин чоктошту. Орго болсо бир ордунда тура албай, Кулус жаң-жуң кайдасың, Алтаң, Калтаң доотайлар, Култка, Буркан кандарым, келип калган буруттун айласын кандай кылабыз, акыл качты башыман, эми нени баштайбыз деп айласы куруп турат. Ошондо Атан аттуу балбаны эске түшөт. Аны алдыларына алдырып келет. Бу Атаны бир күнү бир кара жебесе тура албаган, курушуп калса жетимиш балбан араң байлаган неме экен, желкесинде эки көзү бар экен, ал көздөрү шор кудуктай кайнап туруптур, эриккенде эки жүз балбан менен алышып ойнойт, этинин баарын жанчылып бүткөн, буга жок экен адамзаттан тең келип түткөн. Атандын минген аты да башкача: "чоң казандай башы бар, комдонуп жаткан кара иттей, эки кара кашы бар, үч кулачтай бою бар, жоондугу үч кучак, азуу тиши албарс кылыч, курч бычак, кең соорусу үч кучак" Даңкара деген тобурчак жылкы экен жаныбар. Орго кан келе жаткан жоо тууралуу Атанга мындай деп айтат: "Кылым кыргыз эл деген, түп атасы булардын, Түркстанды жердеген, азып-тозуп ар жакка, андан бери келбеген, билбейбиз кайда жүргөнүн, азыркысын угабыз, Алтай тоосун жердеген, аты Манас бирөө дейт, адам уулу жеңбеген". Эми ошого чыгууга сени гана туура көрүп атабыз, "барасыңбы" дегенде Атан Оргого одурая бир карап, оңдонуп алып туруп "Кыргыз деген ким эле? Дүнүйөгө толсо да, кыйратайын тим эле" дейт.
Төлгө спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Кайын журтка жүгүнүү салтын киргизген Карабөрк. Манас баянынан 5 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0