Кыргызстан Ислам тилектештиги оюндарын кайсы орунда жыйынтыктады

© Фото / пресс-служба Департамент физической культуры и спорта КР Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстан спортчусу желек менен. Архивдик сүрөт
 Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстан спортчусу желек менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Жазылуу
Түркиянын Конья шаарында 9-августта башталган Ислам тилектештиги оюндары 18-августта аяктады.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Түркияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстан 54 өлкөнүн ичинен 9-орунга ээ болду.
Кыргызстандын курама командасы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча 31 медаль (сегиз алтын, сегиз күмүш жана 15 коло) алып келди.
Эгер салттуу жаа атуу спортундагы медаль эсепке алынганда республика 8-орунда болмок.
Алдыңкы ондукка кирген мамлекеттер алган медалдардын саны (орунду аныктоо үчүн медалдардын саны эмес, сапаты эске алынат):
Түркия — 341;
Өзбекстан — 158;
Иран — 133;
Азербайжан — 99;
Казакстан — 89;
Марокко — 62;
Индонезия — 56;
Бахрейн — 23;
Кыргызстан — 31;
Алжир — 42.
Белгилей кетсек, Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары болуп өттү. Ага жалпы жонунан 57 мамлекеттен келген 4 200 спортчу катышты. Кыргызстандын делегациясынын курамында спорттун 16 түрү боюнча 158 киши барган.
Кикбоксчу Адилет Улан уулу Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Кыргызстан кикбоксчулары Ислам тилектештик оюндарында эки медаль утуп алышты
Жаңылыктар түрмөгү
0