Украина өзүн-өзү кыйратуучу өлкөгө айланганда. Ой толгоо

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүШаар тургундары Донецктин Ленин районун аткылоо болгон жерде жарылбай калган снаряддардын жанында.
Шаар тургундары Донецктин Ленин районун аткылоо болгон жерде жарылбай калган снаряддардын жанында. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
Россияны террорчулуктун демөөрчүсү деп тааныган соң Вашингтон Кремль менен соода алакасын өз алдынча жүргүзүп келген союздаштарына да санкция киргизүүгө аргасыз болот.
АКШнын Россияны террорчулуктун демөөрчүсү деп таануу опузасын Вашингтондун колунан жем жеген вассалдары — Прибалтиканын саясий элитасы да кайталап келет. Май айында мындай кадамга Литва мамлекети барса, өткөн жумада коңшусу Латвия да аны туурады. Абалга сереп салган макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.
АКШ сенаты тиешелүү резолюция кабыл алганы менен Байдендин администрациясы аны колдоп жиберүүгө шашкан жок. ЖМКлардын жазганына караганда, буга мамлекеттик катчы Энтони Блинкен каршы чыгып жаткан имиш.
Себеби түшүнүктүү: Россияны террорчулуктун демөөрчүсү деп тааныган соң Вашингтон Кремль менен соода алакасын өз алдынча жүргүзүп келген союздаштарына да санкция киргизүүгө аргасыз болот. Мындан тышкары, Москва менен араң турган мамилеге биротоло артка кайткыс кылып чекит коёт. Ансыз да оңой эмес шартта.
Кремль мындай кадам кырдаалды бир топ өзгөртөрүн билдирди. Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова эгер конгресс тиешелүү резолюцияны кабыл ала турган болсо эки өлкө ортосундагы мамиле тууралуу унутуу керектигин белгилеген.
Америкалык саясатчылардын пикири элди адаштырбашы керек. Вашингтон террорчулуктун демөөрчүсү макамы менен азыр болушунча коркутуп жатат, бирок артка кылчайсак Афганистан, Чеченстан, Ирак, Ливия, Сириядагы кандуу жаңжалдын баарына курал-жарак, ок-дары менен акчаны дал ушул АКШ жеткирип, камсыздап турган.
Бирок бүгүнкү күндө америкалык бийлик террорчулукту колдоону жаңы деңгээлге чыгарып, Украинадан өзүн-өзүн кыйратуучу камикадзе өлкөнү калыптандырды.
Француздук өзү жүрүүчү гаубицасы Цезарь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Politico: Европанын алты өлкөсү Киевге убада берүүдөн баш тартты
Президент болумуш болуп жүргөн Зеленский украин армиясы Запорожье АЭСине россиялык жоокерлер жүргөндүктөн сокку уруусун улантып жатканын ачык эле айтып жатат, мындай жорук экологиялык апаатка кептеши мүмкүн экенине башы да ооруган жок.
Аткылоону эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес, жекшемби күнкү соккудан кийин снаряддын чачырандысы менен ракетанын кыймылдаткычы иштеп жаткан энергоблоктон болгону 400 метр алыс кулаган. Украиналык аскерлердин таамайлыгы да көп суроону жаратат: Краматорск менен Еленовканы аткылагандар же катуу жаңылган, же атайылап аскердик кылмышка барышкан.
Украина армиясынын Никополдогу жоругу андан бетер таң калычтуу. Ал жакка Киев радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо армиясынын өзүнчө полкун жөнөткөн, саны 1000ге чукул болчу. Россиянын Коргоо министрлиги мунун баары чагымчылык даярдалып жатканынан кабар берет деген пикирде. Өлкөнүн Коргонууну башкаруу улуттук борборунун начальниги генерал-полковник Михаил Мизинцевдин айтымында, ЗАЭСтин аймагындагы бул сыяктуу аракеттердин баары жалпы континенттин өзөктүк коопсуздугу үчүн коркунуч жаратат. Украина өзүн-өзү кыйратуу жолуна түшкөн сыяктуу.
Мындан тышкары, апта башында украиналык диверсанттардын Курск облусунда атомдук электр станциядан уланган ЛЭПтин алты тирөөчүн жардырып салганы аныкталган.
Буга катар Украина Куралдуу күчтөрү Горловканы аткылоосун токтото элек: бир нече күн мурун "Стирол" заводу артиллериялык соккуга дуушар болду. Ишкана 2014-жылдан бери токтоп турат, бирок шаар аймагында жергиликтүү химиялык заводдон чыккан калдыктар көмүлгөн.
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
The Telegraph: Батыш үч айдан кийин Киевге болгон кызыгуусун жоготот
Айтор, украин армиясы экологиялык катастрофаны жакындатууда. Албетте, алардын жасаган кылмышы муну менен эле чектелип калган жок, Донбасстын шаарларына ташталган "Лепесток" миналары эле канча кишинин өмүрүн алды. Бул аскердик тапшырма эмес, бул кадимки эле карапайым калкты жок кылуу аракети.
1993-жылы британиялык The Independent гезити "Антисоветтик жоокер армиясын тынчтык жолуна түшүрдү" деген кызыктуу макала жарыялап, Усама бен Ладендин жылмайып турган сүрөтүн чыгарган. Материал анын Афганистандагы "эрдигине" арналган болчу.
30 жылга жетип-жетпеген убакытта батыш ЖМКлары каармандарын өзгөрттү: эми Vogue журналынын сырткы бетине Владимир Зеленский жубайы менен чыгууда, сүрөттөрдү Энни Лейбовиц өзү тарткан. Басылмалар каармандары менен гана айырмаланат, өзөгү ошол эле бойдон — АКШ тескеген Батыш мурункусундай эле радикалдык кыймылдарды болушунча колдоп-коргоп, аларды курал-жарак, маалымат менен камсыздап келет. Бул жардамдын көлөмү он жыл мурунку көмөктөн кыйла айырмаланып турат.
Владимир Путин саясий карьерасынын башында Россия бардык жерде террорчулардын сары изине түшөрүн айткан эле. Алар менен кандайдыр бир сүйлөшүүгө да барбайт, Минск процесси жетиштүү болду. Кечээ жакында эле Петр Порошенко да аталган келишим Украинага согушка даярданууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлгөнүн, коюлган милдеттенмелерди Киев баары бир аткармак эместигин моюндады.
Акыры бир күнү Украинада тынчтык орнойт. Бирок ал убакта Зеленский да, өздөрүн чоң саясатчы сезип алган айлана-тегерегиндегилер да болбойт.
Жүргүнчүлөр аэропорттун каттоо столунда кезекте турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Үчүнчү рейхтин ыкмаларын эстеп... Европада "категорияга бөлүү" башталабы?
Жаңылыктар түрмөгү
0