Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ТИМ: МАГАТЭ делегациясы Запорожье АЭСине Киевдин аткылоосунан улам бара албайт

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЗапорожье АЭСи
Запорожье АЭСи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
Запорожье облусунун бийлиги БУУну МАГАТЭ делегациясынын АЭСке баруусуна көңүлдөнбөй жатат деп күнөөлөөдө.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) делегациясы украин тарап станцияны аткылоосун токтотмоюнча Запорожье АЭСине бара албайт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Курал-жаракты жайылтпоо жана көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары Игорь Вышневецкийдин айтымына таянып РИА Новости жазды.
"МАГАТЭнин эксперттери келиш үчүн украин тарап АЭСти аткылоосун токтотушу керек. Ал жакта ок атылып жатканда делегация келе албайт, анткени кооптуу", — деди Вишневецкий.
Буга чейин ал МАГАТЭ жана БУУнун катчылыгы менен агенттиктин эксперттерин Запорожье АЭСине сапар уюштуруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан. Ал БУУнун Коопсуздук департаменти МАГАТЭнин кызматкерлерин Киев көзөмөлдөгөн аймактан Запорожье АЭСине коопсуз өтүүсүнө кепилдик бере аларынан күмөн санап, станцияга барууну пландаган агенттиктин өкүлдөрүнүн өмүрүнө коркунуч жаратпашы керектигин белгилеген.
Ал арада Запорожье администрациясынын мүчөсү Владимир Рогов БУУнун жетекчилиги МАГАТЭ эксперттеринин АЭСке сапарына жардам берүүгө көңүлдөнбөй жатканын айтып, ошол себептен ар кандай маршруттарды ойлоп таап жатканын кошумчалаган. Буга чейин БУУнун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик уюмдун Украинадагы материалдык-техникалык ресурстары МАГАТЭ кызматкерлеринин Запорожье АЭСине Киев аркылуу гана кирүүгө мүмкүндүк бере турганын белгилеген.
"БУУ агенттиктин эксперттеринин Запорожье АЭСине баруусун каалаган жок. Алар кийин коопсуздук маселеси жараларын билип туруп ыңгайсыз маршруттарды ойлоп таап жатышат. Же болбосо делегациянын сапарын үзгүлтүккө учуратып, Россияны күнөөлүү кылыш үчүн аткылоо, жардыруу түрүндө чагымчылык жасоого аракет жасашат", — деген Рогов.
Ал МАГАТЭ делегациясы АЭСке Россиянын аймагы аркылуу бара аларын айтып, бул алар үчүн эң коопсуз маршрут болорун кошумчалаган.

Тарыхы

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. 1984-1987-жылдары алгачкы төрт энергоблок, 1989-жылы бешинчи, 1996-жылы алтынчысы ишке киргизилген.
Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан. Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгууда.
Ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг өткөрүп, МАГАТЭнин эксперттери Запорожье АЭСине барыш үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.
Запорожье АЭСи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин аскерлеринин аткылоосунан Запорожье АЭСинин жанында жарылуу болду
Жаңылыктар түрмөгү
0