"Абийир кечирбейт" Токтогул сыйлыгын алып берген. Драма тууралуу 6 факт

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРБыйыл залкар драматург Токтоболот Абдумомунов
Быйыл залкар драматург Токтоболот Абдумомунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Жазылуу
Быйыл залкар драматург Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин эл арасына кеңири таанылган "Абийир кечирбейт" драмасы жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
"Абийир кечирбейт" — адам абийири тууралуу, ушак-айыңдын айынан бузулган уя, кыйраган турмуш, талкаланган тагдыр жөнүндө баяндаган драмалык чыгарма. Ал адам жашоосундагы актуалдуу маселелерди козгоп, алардын өз ара мамилесин, сүйүүсүн, күрөшүн, достугун даңазалайт. Карама-каршы пикирлерди — сүйүү менен жек көрүүнү, ишеним менен чыккынчылыкты көрсөтүп берет. Драматург интеллигент жаштардын ички дүйнөсүн, психологиясын, нравалык, адамдык сапаттарын ачууга далалаттанат. Анда автор көбүнчө моралдык-этикалык тарапка басым жасаган. Драмада жаш врач Нурдиндин психологиясына кеңири анализ жасалып, башкы каармандын кыймыл-аракетине, кылык-жоруктарына, ой-жүгүртүүсүнө, психологиялык толгонууларына тыгыз байланыштуу өнүгөт. Ошону менен катар дарыгерлер Масадык, Нияз, актриса Шайыргүлдүн ички дүйнөлөрү талданат.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРВеликий драматург Токтоболот Абдумомунов
Великий драматург Токтоболот Абдумомунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Автордун эң ийгиликтүү чыгармасы. Токтоболот Абдумомунов эмгек жолунда 30га чукул чыгарма жараткан. Анын ичинен "Абийир кечирбейт" жазуучунун драматургиясындагы эң ийгиликтүү чыгарма делет. Убагында ага бир топ адабиятчылар, театр таануучулар, сынчылар өз баасын берген. Андан тышкары, Москвадагы "Театр" журналынын башкы редактору Рыбаков бул драма менен кыргыз театры өзүнүн өнүгүшүндө туура жолдо тургандыгын айткан жайы бар. "Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" чыгармасы менен театрдын алдында жаңы көркөмдүк милдеттерди койгон драматург экендигин көрсөттү", — деп баса белгилеген Рыбаков.
© Фото / из семейного архива АбдумомуновыхВеликий драматург Токтоболот Абдумомунов
Великий драматург Токтоболот Абдумомунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Кырктын кырында жаралган чыгарма. Көптөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзып, кезегинде театрларда аншлаг менен коюлган чыгарманы автор 1962-жылы 40 жашында жазган. Окурмандарга сунушталган чыгарма дароо сахналаштырылып, он жылга жакын театрлардын репертуарынан түшкөн эмес. Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана башка театрларда иштеген далай актёр жана актрисалардын багын, дараметин, талантын ачкан. Союз учурундагы муун "Абийир кечирбейтти" театрдан көрүп, сабак алып чоңоюшкан.
© Фото / из семейного архива АбдумомуновыхИзвестные писатель Чингиз Айтматов и балерина Бубусара Бейшеналиева
Известные писатель Чингиз Айтматов и балерина Бубусара Бейшеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
"Саманчынын жолу" менен окшоштугу. Драма окуянын бүткөн жеринен башталат. Кыргыз адабиятчылары айрым бир көркөм формаларды, каражаттарды чебер колдонуу жагынан Абдумомуновдун бул чыгармасы менен Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин окшоштугу бар экендигин айтып келишет. Анда Толгонай да өз башынан өткөргөн турмуштук көрүнүштөрдү өзү баяндап берсе, "Абийир кечирбейт" драмасынын жанрдык формасы да психологиялык драма-монолог деп белгиленген кыргыз адабияты боюнча эмгектерде.
© Фото / из семейного архива АбдумомуновыхВеликий драматург Токтоболот Абдумомунов
Великий драматург Токтоболот Абдумомунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
40тан ашык театрда коюлган. Аталган драма Советтер Союзунун булуң-бурчуна чейин жетип, 40тан ашык театрдын сахнасында ийгиликтүү коюлуп өтө популярдуу болгон. Калемгер 1967-жылы "Абийир кечирбейт" жана "Сүйүү жана үмүт" пьесалары үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган. Эң кызыгы, 15 жыл ичинде эле 400 жолу коюлуп, 1977-жылы анын 400 жолу коюлган юбилейи белгиленген.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРВеликий драматург Токтоболот Абдумомунов
Великий драматург Токтоболот Абдумомунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Соңку ирет он жыл мурун кайра коюлган. Акыркы жолу "Абийир кечирбейт" режиссёр жана журналист Аманбек Жапаровдун эмгеги менен драматургдун ысымын алып жүргөн Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында 2012-жылы кайра коюлган. Аны театрдагылар "үчүнчү жолу жаңыртылып коюлуп жаткандыгын" белгилешкен. Ошондон бери аталган театрдын репертуарынан түшпөй келет.
Тема боюнча:
Ата-бабалар жери Анжиянды Алооке кандан бошотуу. Улуу баяндан 8 факт
Ленинге кат жазган акын Ысак Шайбеков тууралуу 7 факт
Уулунан айрылып, жети баланы асырап алган. Зууракан Кайназарова тууралуу 7 факт
Манас баатырдын Текес кан менен урушууга барганы. Улуу баяндан 6 факт
Кайын журтка жүгүнүү салтын киргизген Карабөрк. Манас баянынан 5 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0