Ата-бабалар жери Анжиянды Алооке кандан бошотуу. Улуу баяндан 8 факт

© Sputnik / Александр ФедоровМанас ааламы фильмин тартуу учурунда. Архив
Манас ааламы фильмин тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Алооке кандын Манасты чабууга камынышы, элчинин Жакыпка келиши сыяктуу улуу баяндан кызыктуу фактыларды макаладан окуңуз.
Манастын Алооке канды чабууга камынышы. Ал кезде Анжиянга бийлик кылган Алооке деген кан экен. Бул киши бир кезде кыргыздарды туш тарапка чачыратып кууган кара мүртөз, кан ичкич өкүмдар болгон. Анжиян менен Кашкар арасында Манас жоокерлерин сергитип, колун урушка даярдап сегиз ай жатып калды дебедикпи. Айкөл ошол жылы отуз экиге толуптур, аябай урушар кези болуптур. Сегиз айда кол урушка талпынып, аттары да, адамдары да жер челип турганда Манас баатыр капчыгай менен Алооке кандын ээлик кылган жерлерине карай кол баштады. Сексен миң болуптур аскеринин саны. Артыштын белин ашып, тоо аралап жүрдү. Алтайдан келе жаткан улуу көч, Бай Жакып баштаган жылкылар тобу Отуз-Адырдын оюна, дөңү менен түзү аралаш, бөксөөлүү ыктоо жерге көчүн түшүрдү. Мал жаныбар Кара-Кулжанын сайынан канганча тоонун муздак суусун шимирет. Аскерлер Отуз-Адырдын ой-кырын аралай чаап урушка машыгат. Бу кезде эриккен Манас алтымыш жигит кошуп алып, тоого уу кылганга жөнөйт. Кар баскан бийик зоого чыгат, көк тиреген аскага чыгат, тоолуу токой черди аралайт, жолборс менен илбирске, шер менен кийикке аңчылык кылат. Манас жана анын жигиттери "буруштан атып бугусун, курбудан атып кулжасын", "адырдан аркар үркүтүп, аяк, колун сындырып, артынан кууп мүргүтүп, кыйкырып чыгып бийикке, кызыгышып кийикке" тогуз күндүн кантип өткөнүн билбей калат. Таштан-ташка секирип, элебей элик атып жүргөнүн карабайсызбы булардын – бул жакта Алооке эмне болуп атканы менен иши жок.
Алооке кандын Манаска каршы турушу. Анжияндын Алоокеси аскеринин санын беш жүз миңге жеткирип, Манастын келишине беленденип атты. Туура жагы Кокондон, аяк жагы Маргалаңдан, жалпы кырк беш кыштагынан, Чоң Анжиян, Сузагынан атка токтор адам болсо – ошонун баарынын колуна найза берип, күн чыгыштан келе жаткан жоого каршы турууга чакырды. Алооке Көгарт суунун боюна шаар салып, үйдүн үстүнө үй салып, тамдын үстүнө там чыгарып, даңгыт, маңгул, кытай, калмак кылып, жер жайнатып ийиптир. Анда пайтагын Андакен дешчү, ошол өзү басып алган жерден кыргыздын баарын Алтайга кууп, тыргоот менен даңгытты тыйпыл кылып, кыпчак менен тейитти кыргызыңа кеткин деп кыбыла жакка сүрүп, окчу менен думарага бул чөлкөмдөн жай бербей, нойгут менен дөөлөстү оолак жакка түртүп, дөөлөткө мас, кыргызга кас турган чагы экен. Манастын арбын кол менен келе жатканын угуп, баатырлары менен балбандарынын, чечендери менен элчилеринин ичинен Тизелик дегенин тандап, аны Манаска элчи кылып жиберет. "Бу Манас кордук кылып элиме, конбосун менин жериме, Эсенкандан кара жанын алып качып келе жаткан болсо, мен аны жеримдин бир жолунан өзүм баштап өткөрөйүн, жок, эгер ага көнбөй урушам десе, мени беттешип жеңе албас, мен оолуксам ойрон салармын, сураксыз келип конгонду суксурдай чаап аламын, бул жерде тууганынан айрылып, турарына жер таппай келген туташ кыргызга жалгыз ат тоёр жер бербейм, арманда болуп өлбөсүн, алын билип жөнөсүн" деген сөзүн айттырат элүү киши кошуп берген Тизеликтен.
Ысык-Көл облусунда “Манас ааламы” тасмасынын тартылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Манастын Ала-Тоо жерин көздөй көчүшү. Улуу баяндан жети факт
Элчинин Жакыпка келиши. Жакыптын балдары атын алып, урматтап түшүрөт элчини. Коноктоп көптөгөн даамын, шылына бышырылган этин алдына тарттырат. Конок каадасы кылынып, Тизелик баатыр элүү жигити менен жаткан соң, терең уйкуга баткан соң Бай Жакып "тез келсин, мында сүйлөшүүгө Алооке кандын адамы келди" деп Манаска алты киши чаптырат. Эртеси Манас келбеди. Кайтамын деп Тизелик жолго камынды эле, Манас өзү келип калар деп дагы бир күн түнөттү. Дагы эле келбеди.
Аң уулаган алп Манас. Айылга конгон атасына душмандын элчилери катуу доомат менен келсе, ага кабар айтып чакырууга алты бирдей чабарман барса уунун кызуусуна түшкөн Эр Манас "Ала-Тоодо жүрүптүр аң кийигин кубалап, тоонун издеп бийигин тозмолоп атып кийигин, кырга чыгып алыптыр, кыйкырып айгай салыптыр". Ага барган жигиттер Алоокенин жаалы катуу экенин, аябай черүүсү көп экенин, казат кылып кармашарын элчи айтып келгенин энтелеп шашып кабарлайт. Айтып атса, алардын сөзүн аңдабай, алды жактан көрүнгөн көп бугуга карап ат коёт, аккелте менен алты бугуну сулата атат. Бул жер ошондон Миң-Бугу аталат. Ага дейре Ара-Түз аталчу экен, азыркылар Арпа атап кетиптир. Мында келип аң уулаган киши жок, алаткак, жезит, убара чиркөө, адам ноо, чыңыроон деген жапайы адамдар да жашаптыр. Дагы бир жеринен Бакай көмүрдөй кара кулжа атып, ал жер Кара-Кулжа аталат.
Тизеликтин Алооке кандын атынан айтар сөзү. Алоокенин атайын жиберген элчиси эки күнү жатса да, айттырган Манасы келбейт, келмек түгүл дайынын бербейт. Ошондо ал Бай Жакып баштаган кыргыздарга кегин айтат, кыздары катын болорун, катындары отун болорун, укуругу шиш болорун, туташкан журту кырыларын, үзүгү токулга болорун, түндүгү чай кайнатар отун болорун, темир очогу ат така болорун, мончогу тепсендиде каларын, чамгарагы чачыларын айтып кекээрденет. Муну угуп калтыраган Жакып элчинин алдына токулган тогуз ат тартуу кылат. Буга болбой Тизелик эми жарашууга болбосун, Алоокенин колу келип, кыргызды чаап таратарын, баарын кытайга каратарын, кыргызды кыргын кылып сабатарын, баарын мангулга каратарын кектенип айтат да, аттарын чаап кыжырданып Анжияндагы канына кайтат.
Балкыбектин баяны. Ошол кезде Манжурия калмагы Балкыбек малын сатууга Маргалаңдын базарына барып, кан базардан ушак-айың сөз угуп анысын Бай Жакыпка айтып келет. Анын айтуусуна караганда ал жакта эсеп жеткис эл бар экен, конуш жеткис кол бар экен, алардын башчысын Алооке дешет экен. Анын аскерлери "алачык үйдөй күрсү алган, ачууланса токтолбой Ала-Тоону бир салган, бир салып тоону жок кылган, ташты чапса чок кылган" алп адамдар болот экен. Ушулардын баары Манасты өлтүрмөккө, кыргызды кырмакка шайма шай туруптур дейт. Бай Жакып муну угуп, Манасын "кийигиң менен куруп кал, басып алса Алооке барбы буга даба" деп сайсөөгү сыздайт. Алты киши чакырса келбеген баласына Уларбоз атын токунуп өзү барат болкоюп. Барса тоонун баары тосот, кырдын баары кыйкырык, Беш-Бугу деген жерден баласына жолугуп, Тизеликтин айтканын бүт айтат, "жердебе деп жеримди, чендебе деп элимди, жердээр болсоң жеримди" "оём деп эки көзүңдү" деген Алооке кандын аманатын айтып турса, марал менен бугуну кууп Бакай менен Манас бадалга кирип кетет, атанын айткан сөзүн кенеп да койбойт. Дагы эле аң артынан жүргөн баласын бир жерде токтотуп, көз ташын төгүп Жакып кантип бала тилеп алганын, ал баласы кандай болгонун, эми кандай күндө калганын айтып келип, менин ата жерим Анжиян болсо да, Алоокеден бул жерлерди талаша албайм, кайра Алтайга кайтамын дейт. Атасынын бул сөзүн аска башында уккан алп Манас ачууланып, саадак кабындай сакалын тиктийтип, көзүндөгү ызгаарын көөрүктөгү оттун жалындай таптуу кылып, Жакыпка көзүн салып, жаалданып карап, сол бөйрөгүн солк эттирип, оң бөйрөгү болк эттирип, атасынан кайда конгонун сурайт. Атасы өзү конгон Отуз-Адырдын башына баштап барат. Жанагы Аңчы Манас эми арстан менен ажыдаардай сүр алат, үч күн, үч түндө анын жанына төрт жүз миң кол топтолот. Кол жыйылып бүткөндө Алоокеси кайда деп, адамдардан жол сурап Анжиян көздөй жол алат.
Манас эпосунун чыгарылыштары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Манастын Акунбешим менен Панус канды жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Алооке кандын ак сарайы. Манас баштаган колдун сүрүнөн жолдогу кытай менен калмактар каңгып качты, кыргыз колу Маргалаңдын башына Алоокенин чарбагына келди. Кан сарайы Улуу Анжыян учунда, Арабанты тоосунун Учу кирген тушунда экен. Сарайда дүйнө малы жайылыптыр: кокак деген жемиши, алма менен жаңгагы, анжир, курмасы, мисте менен алчасы бар, жүзүмү жерде төгүлөт, коон менен дарбызы турпактан чыгып үйүлөт. Не бир жыты аңкыган атыр гүлдөрдү аралап Алооке кан сейил кылып жүрүптүр, багында булбул менен сандугас сайрайт, сары барпы таңшыйт, аземдүү тоту кушу түрдөнөт, тоосу койкоюп куйругун сүйрөйт. Көлүндө бака чардайт, көгүндө күкүк менен баюлуу, сүтак безеленет. Анан ушул сейил бактын ичинде жети кабылан бар экен. Бир жеринде шери жүрөт, бир жеринде он бир кара пили жүрөт, тумшугу менен суу бүркүп өкүрүп. Булардан башка да бак ичинде кылыч куйрук баяс, кызыл аюу, саяс, маймыл дарек, жабыр баян, керик дегендер бар. Он үч төлдөгөн жолборсу оолугат, катын аюу-кетелик, жүз карышкыр, илбирс, чөө, желмаян-айса төөсү бири-бирин көрбөй ар кай жерде өкүрөт. Суу толтуруп сергитип кауз кылган экен, анын ичинде түрдүү балык ары-бери сүзөт, алардын ортосунда алтымыш кулач жаян жүрөт. Өзү көрөр, көөнү толор алты жүз ала-була кулан ары-бери басат жалкоолоно. Айланасы чеп болгон, бул ак коргон ажайыпканасын "төрт жүз кулач узуну, жети таш жерден кишини көзү көрсө оп тартып жеп бүтүргөн ишини" ажыдаар кайтарар экен. Жалгыз канат өгөрөк деген кушу, миң аркары, жүз кулжасы, мал болуп калган маралдары, төрт төө кийиги, жыйырма кара мар жыланы жатыптыр бак ичинде. Падыша багына кирген кезде алты жүз керней тартылат, өлөңчү өлөңүн айтат, кернейдин үнү бапылдайт, сурнайдын үнү такылдайт, жүз миңдей аскер кайтарат. Алты жылдык ишти алдын билген алты аяры, алты миң киши баткан саябандуу чатыры бар. Ошол жерде отурган экен оолжуп бийликке, байлыкка мас болгон Алооке пааша.
Манастын келиши, Алоокенин Анжиянды бошотуп бериши. Бу Манастын серп салган жагы кызыл өрт, бет алган жагы жалын өрт болуп келет. Ажыдаары артынан сойлоп, көсөө куйрук көк бөрү – көк жалы көтүнөн ээрчип, алп кара куш арбайып асмандан бутун салгандай, кара башыл ак буура оң капталдан келет, кара чаар жолборсу – кайып эрен – кырк чилтен каңкор эрдин жолдошу аны жандап жүрөт. Кырк чилтендин бирөөсү ажыдаар болуп сойлосо, бири кабылан, бири жолборс, бири шер болуп ак сарайга жакындайт. Муну аяр Алооке алыстан турнабай салып көрүп турат. Кармашкан менен күч жетпейт, алдынан чыккандын баарын жылас кылып келет, туш келгенин кетирчү жакка кетирет. Ошондо анын айбатына чыдабай Манас кирип келгенде Алооке кан тагынан ыргып түшөт, кол берип, сый-ызаат кыла чатыр жакка баштайт. Бир мертебе сый менен жакшы отургузуп, анан муну ажайыпканадагы жырткычтарга салып берип, устуканын упат кылдырайын деп кыйтыр ойлорун ойлоп турганда аңкоо Манас ажайыпканаңды көрөйүн деп өзү айтып калат. Көктөн издегени жерден табылган Алооке ага таазим эте ажайыпканага таклиб кылат, баатырдын соңунан сексен төртү кошо жөнөйт. Темир кажып, киши келсе жеп ийчү көп жолборстун камалган капкасын Манас ачып ийсе жолборстор баатырга катыла албай калат, баатыр болсо кай биринин куйруктарын толгойт. Ушул кезде айбанаттарга жем берчү Агулук деген башчысын арстан менен жолборстор талап жет кетет. Эми муну ажыдаар жутар деп Алооке "мейманын" ажыдаарканага баштады, барып эле Манас ажыдаардын желкесинен кармады, анысы алдынан чыкканын кыйратып сойлогон бойдон тоону карай салып, бир жерди согуп жан берди, ошол жер ошондон Сок аталып калды. Жырткычтын баары Манастан качканга Алоокенин эси ооду, "урушуп үшүм келбес деп, ушу дүйнө жыйылса бу Манасты жеңбес деп, атышып алым келбес деп, ааламдын баары жыйылса акыры муну жеңбес деп", булардын жери Түркстан, мен болсо Каспан шаар Туңшага качып барайын деп, Манастын алдынан качып чыгууга камынат. Аны өз жери түп Бээжинге аттантып жатып Манас анын чоң уулу Боокени мага жолдош кылып бериңиз, ак үйлүү кылып алып калам, болбосо Коңгуроолу бай деген бир агаңыз бар экен, анын Абыш аттуу уулу бар, ошону бер дейт. Бербесең Кошабыш менен Бооке балаңды, тыптыйпыл кылам калааңды, көчүп кетип жоголгун, көрбөйүн сенин каранды деп катуу шарт коёт. Ошентип Эр Манас, телегейи тең Манас алты ай тынч алып, акырын-акырын бир жыл ичинде Анжияндан канын баш кылып, кытай менен калмакты бүт кууп чыгарып салыптыр...
Атчандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Манас келет деп дүрбөлөңгө түшкөн Орго кан. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0