Ленинге кат жазган акын Ысак Шайбеков тууралуу 7 факт

© Sputnik / Сергей СубботинКомузчу. Архив
Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Жазылуу
Ысак Шайбеков 1880-жылы Пишпек уездине караштуу Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Кайыңды айлында туулган. Өтө жаш кезинде, алты жашында, атадан ажырап, колунда мал-алы бар адамдарга каралашып, кой-козу кайтарып, орок оруп, суу сугарып, чөп чаап, малай болуп жүргөн.
Турмуштун оорчулактары башына түшкөн бала баарына чыдаган, ошол эле кезде оор турмушун, андан айрылуунун жолун ичтен ыр кылып кайрып жүргөн.
Токмокко качып барганда... Турмуштун оорчулуктары башына түшкөн кичинекей Ысак баарына чыдаган, ошол эле кезде оор турмушун, андан арылуунун жолун ичтен ыр кылып кайрып жүргөн. 1900-жылдары кыйынчылыкка чыдабаган жыйырмаларга чыгып калган жигит Токмокко качып барат. Ал жерде диний жана жаңы ачылган мектептерге кирет, бир ногой мугалими колундагы жарасын көрүп, андан ары окутпай коёт. Бул мезгилде аталган шаар Сары-Өзөн Чүй боорундагы исламий жана орус тилинде билим берген негизги борбор болгон, ал жерде жадидчилик кыймылы күч алып балдардын жана жаштардын өзүнчө бир прогрессивдүү чөйрөсү калыптанган. Бир топ жыл жадид медресесинде окуган жана сабаты жогору болуп калган Ысак сабаттуу жана эсеп-кысаптан жакшы болгону үчүн эки жылдай Байзак деген старчынга эсепчи болуп иштейт.
Балдарды окутуу менен алектенген. Кат-сабатын жоюп гана калбай эскиче жана жаңыча билим алган Ысак Быстровка кыштагында бала окутууга киришет. Айтууда, аны көптөгөн ата-энелер суранып, бул ишке тартышкан.
Кемин зилзаласын ырга салган. 1911-жылы Кемин жеринде, өзгөчө очогу Чоң-Кеминде абдан күчтүү жер титирөө болгон. Бул окуя тууралуу Молдо Кылычтын, Калык Акиевдин да чыгармалары бар. Алардын катарында Ысак Шайбеков да "Зилзала" деген чыгармасын жараткан. Поэмада "тамдууларды там баскан, топурак менен чаң баскан", "бири-биринен адашып, койдой маарап чуулашкан" адамдардын өз көзү менен көргөн кыймыл-аракетин, табият стихиясынын алдындагы алсыздыгын таамай көрсөтө алган. Жер титирегендин себеби молдолордун "таза даарат ала албаган, башына селде чала албаган" динсиздениш абалынан жана "журтка салык салышып, зордук кылып алышып" кедейлерди кыйнаган бай-манаптардын сугалактыгынан болушу мүмкүндүгүн болжолдойт.
Кытай жерине качып барган жана ал тарых көптөгөн чыгармаларына тема болуп берген. 1916-жылдагы Үркүн окуясы болгондо ал башка акын-жазуучуларга караганда жашы улуу болгондуктан баарын акылы менен аңдап, баарын түшүнүү менен кабыл алган. Ошол элдик трагедияны кыргыз поэзиясынын классикасына айланган "Азган эл", "Кайран эл", "Кайткан эл" деген чыгармаларында чагылдырган. "Кайран эл" поэмасында көрсөтүлгөндөй, кыргыздар Кытай тараптарга качып бара жатып да, качып баргандан кийин да ал жактан жыргап кеткен эмес. Кыйынчылыктарды, азаптарды аябай эле көрдү. Аны акын жогорудагы чыгармасында бир четинин айтып отурат:
Үйгө жыйган төшөнчү,
Жүгүн сатты, кайран эл.
Нечен көчөт термелүү,
Түрүн сатты, кайран эл.
Кийиздерин кылалбай,
Жүнүн сатты, кайран эл.
Мында "кайран эл" деген сөздү улам кайталоо менен акын ошол сөзгө басым жасап, элге-журтка боор оору, аларды аёо сезимдерин билдирген. Поэмада башкы орунда бул же тигил жеке адам эмес, жалпы эл, масса турат, Үркүн окуясына катышкан кыргыз эли турат.
Жазуучу Сейит Жетимишов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Чоңдорду "Чалканга" чактырган, маданиятты өстүргөн Сейит Жетимишов жөнүндө 10 факт
Кеңеш бийлигин колдоп чыккан. Убактылуу өкмөт бийликке келгенде эле ал Кытайдан кайтып, Таласта жүргөн болот. Улуу Октябрь социалисттик революциясы тууралуу кабарды ал Таласта жүрүп угат да, Чүйгө келет. Жаңы заман Чүй жерине орной баштаганда аны адеп колдоп чыккандардын бири Ысак Шайбеков болгон. Алгачкылардан болуп "Пролетарлардын демократтык союзу" деген советтик уюмга мүчөлүккө өтөт. Анын сабаттуулугу, большевиктик саясатка берилгендиги үчүн 1918-жылы Верный (Алма-Ата) шаарында чакырылган Жети-Суу облусундагы Советтердин биринчи съездине Пишпек уездинен делегат кылып жиберет. Ал жыйын таптык аң-сезимин дагы да жогорулат. Ошол жылы "Учкун" аттуу басма баракча чыгып, анын 4-ноябрдагы санына "Большевиктер партиясы" деген ыры басылат. Бул анын басмага чыккан биринчи чыгармасы. 1920-жылы Нарында Кеңеш бийлигине каршы Бондарев жетектеген эсерлердин көтөрүлүшү чыгат, мына ошону басуу үчүн башкалар менен бирге Ысак Шайбеков да жиберилет. 1922-жылы Ат-Башыда, 1923-1924-жылдарда Быстровкада волосттук революциялык комитеттин төрагасы болуп иштейт. Кийин көп жылдар бою айыл чарбасынын ар кыл тармактарында жана жергиликтүү уюмдарда түрдүү кызматтарды аткарып жүрөт.
Ленинге аябай берилген киши болгон. Анын "Большевиктер партиясына", "Ленин", "Октябрь берди", "Лениндин туусу", "Партияга ыракмат", "Ленин туусу кулпурсун" ж.б. ырларында пролетариаттын жетекчиси жана анын партиясы даңазаланат. Семиреченск облусунун Пржевальск, Нарын, Токмок жана Пишпек уезддеринин жарандарынын атынан Россия Социалисттик Республикасынын жогорку бийлигин жетектеген адамы катары, улуу урматтуу жолдош Ленинге деп кат жазат. С. Данияров атындагы коомдук фондунун деректири Асел Даниярова менен анын жубайы Владимир Шварц тапкан архивдик документке караганда (Асель Даниярова), ал катта Кытайда калган кыргыздарды, дунгандарды көчүрүп келүү, дыйкандарга эмгек куралдарын берүү, улуттар ынтымагын чыңдоо, эне тилинде билим берүү ж.б. ошол кез үчүн өтө зарыл көп маселелер айтылган жана В.И.Лениндин бул ишке таасир этүүсүн суранган. Он адам кол койгон каттын башында Ысак (Исак деп берилет) Шайбеков турган.
Өмүрүнүн соңку кези. Анын биринчи "Ысактын ырлары" жыйнагы 1936-жылы, "Кайран эл. Кемин капчыгайы" аттуу поэмалар китеби 1940-жылы, экинчи "Ырлар жыйнагы" 1940-жылы, "Ысактын ырлары" 1955-жылы басылып чыккан. Көзү өткөн соң "Кайран эл" ырлар жана поэмалар жыйнагы (1975) жана "Тандалган чыгармалары" (1980) окурмандарга сунушталган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал оорулуу болуп калган. Ошого карабай колхоздо ферма башчы болуп иштеген. "Карылыкка бой сунбайм" деген ырын жазган. 1958-жылы каза болгон.
Акын, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Аткаминерлерди титиреткен, эне тил үчүн күйгөн Камбаралы Бобулов жөнүндө 9 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0