00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Где ИИ действительно полезен, а где только создаёт иллюзию прогресса
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ак илбирсти сактоо жарышынан түшкөн акчага алынган "Нива" экологдорго берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАк илбирсти сактоо жарышынан түшкөн акчага алынган "Нива" экологдорго берилди
Ак илбирсти сактоо жарышынан түшкөн акчага алынган Нива экологдорго берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ышкыбоздор быйыл 25-сентябрда чуркашат.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты.
Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган. Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды. Унаа Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын токойчуларына берилет.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты

Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган

Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган - Sputnik Кыргызстан
2/3

Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды

Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды - Sputnik Кыргызстан
3/3

Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды

1/3

Ак илбирсти сактоо боюнча жарыштын уюштуруучулары Ысык-Көл облусунун токойчуларына "Нива" үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырышты

2/3

Аталган унаа былтыркы жарым марафондон түшкөн каражатка сатып алынган

3/3

Бүгүн, 10-августта, Nomad Sport жетекчилиги жолтандабастын ачкычын Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгынын жетекчиси Чыңгыз Көчөровго тапшырды

"2021-жылкы жарыштан түшкөн акчага Кыргызстандагы ак илбирстин санын аныктоо үчүн фотокапкандарды алганбыз. Алар Ак-Суу менен Шамшыда орнотулуп, андан алынган маалыматтар чогултулуп жатат. Жакын арада Ала-Тоо тоо кыркаларындагы жырткычтын болжолдуу саны белгилүү болот. Быйыл Ысык-Көл биосфералык аймагынын жумушчуларына берилген унаа мыйзамсыз аңчылык кылгандарга каршы күрөшүү, рейддерди жана оперативдүү иш сапарларды өткөрүү үчүн колдонулат. Жарым марафондун ар бир катышуучусу ак илбирсти сактоого салым кошуп жаткандыгы бизди абдан кубандырат", — деди Көчөров.
Ал эми быйыл жөө күлүктөр акчаны ала турган өлкөдөгү экологиялык уюмду өздөрү тандай алышат.
"Бизге каржылоо боюнча арызын берген уюмдардын ичинен үч негизги долбоор тандалып алынат. Андан кийин Snow leopard run иш-чарасына катышуучулар добуш берүү жолу менен жеңүүчүнү тандап алышат. Буга табыштаманы office@nomadsport.kg дарегине жөнөтсө болот", — деди NOMAD Sport коомдук фондунун аткаруучу директору Айгерим Моношбекова.
Кыргызстандын булуң-бурчунан келген ышкыбоздор быйыл 25-сентябрда "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук жарышына катышып, Кызыл китепке кирген жаныбарды сактоого салым кошо алат. Жөө күлүктөр "Ала-Тоо" аянтынан 21,1, 14, 5 жана 1 чакырым аралыкка чуркашат. Ошондой эле 3 жаштан 11 жашка чейинки балдар үчүн 100, 200 жана 500 метрден турган Kid"s Run болот.
Жарым марафон Nomad Sport коомдук фонду тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.
"Быйыл катышуучулардын саны рекорд жаратат деп күтүп жатабыз, беш миңге жакын адам Бишкектин борбордук көчөлөрү аркылуу чуркап өтүшөт. Башка региондо жашагандарга дагы онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Спорттук туризмди жайылтуу биздин алдыга койгон дагы бир маанилүү максаттарыбыздын бири", — деди коомдук фондунун директору Арслан Малдыбаев.
Спортчуларды каттоо 15-сентябрга чейин уланат. Жарышка катышуунун шарты тууралуу кененирээк маалыматты уюмдун сайтынан алууга болот.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын расмий медиаөнөктөшү.
Бишкекте өткөн Night Run 2022 жарышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Sputnik жетекчиси Бишкектеги түнкү жарыштын кенже катышуучусуна белек тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0