Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Салиев: үлүштүк курулуш токтосо турак жай кымбатташы ыктымал

© Sputnik / Асель СыдыковаОтставкадагы судья, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри, ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев
Отставкадагы судья, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри, ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
Отставкадагы судья, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри, ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев үлүштүк курулушту өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Үлүштүк курулуш токтосо турак жайдын баасы көтөрүлүшү ыктымал. Мындай пикирин Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Салиев: үлүштүк курулуш токтосо турак жай кымбатташы ыктымал
Анын айтымында, үйдү толук куруп бүтүп сатуу үчүн өлкөдөгү курулуш компаниялардын капиталы жетишпейт.
"Өлкөдөгү курулуш компаниялардын 90 пайыздан ашыгынын өз эсебинен үй тургузууга кудурети жетпейт. Анткени бир үйдүн курулушу миллиондогон каражатты талап кылат. Мындай капитал ички бизнесте жок. Алгач үйдү куруп анан сатууга бир-эки чоң компаниянын эле мүмкүндүгү бар. Ошол эле учурда курулуш компанияларына алданып калган жарандар дагы жок эмес. Бирок бир-эки ак ниет эмес компания үчүн жалпы курулуш секторун коркунучка кептеген туура эмес. Эгерде үлүшчүлөрдүн эсебинен курулушту жүргүзүүнү токтотсо, курулуш компаниялары банкрот болот. Натыйжада миңдеген адам жумушсуз калып, миллиондогон акча бюджетке түшпөй калат. Мындан тышкары, атаандаштыкты жок кылып, монополияны күчөтүп жибериши ыктымал. Натыйжада кыймылсыз мүлктүн баасы жогорулайт. Бул жарандарды кыймылсыз мүлк менен камсыздоо саясатына туура келбейт. Ошондуктан ишкерлер министрлер кабинетинин "жарандар акчаны курулуш компанияларга бербеши керек" деген сунушун ишке ашыруу механизмдерин сунуштаган. Ага ылайык, жарандар тобокелчиликке барбаш үчүн каражатты банкка которушу зарыл. Ал эми Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик пайдубалы бүткөндө бир, дагы бир бөлүгү жыйынтыкталганда бир кылып акчаны транш менен бөлүп берүүсү шарт", — деди Салиев.
Ошондой эле ал курулуш кооперативдерине алданып калбаш үчүн жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0