Кыргызстанда уйлар сүттү көп бере баштады

© Sputnik / Сергей Паршуков / Медиабанкка өтүүУй. Архивдик сүрөт
Уй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2022
Жазылуу
2017-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта уйлардын сүтү эле көбөйбөстөн, саан уйлардын саны да өскөн.
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда уйлар сүттү көп бере баштаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеме акыркы жылдары (2017-2021) ар бир уй орточо канча сүт бергенин салыштырган:
2017-жылы бир уй орточо 1 984 килограмм сүт берген.
2018 — 1 987 кг;
2019 — 2 002 кг;
2020 — 2 006 кг;
2021 — 2 009 кг.
Бул жылдар аралыгында уйлардын сүтү эле көбөйбөстөн, саан уйлардын саны да өскөн. Учурда республика боюнча алар 870 миң башты түзөт.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылында сууну булгап жаткан мал союлуучу жай аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2022
Жети-Өгүздө Ысык-Көлдү булгап жаткан мал союлуучу жай аныкталды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0