Алтын казынада 600дөй чыгармасы бар. Айтылуу Кайыргүл Сартбаеванын сүрөттөрү

Жазылуу
СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчы Кайыргүл Сартбаева жакында 86 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги мукам үндүү таланттын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны аяктап, 1962-жылы Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрына солист болуп ишке кирген. Опера ырчысы сахнада "Айчүрөк", "Жамийла", "Манас", "Токтогул", "Сепил", "Аида", "Курманбек", "Евгений Онегин", "Чио-Чио-Сан", "Отелло", "Дон Карлос", "Дон Жуан" өңдүү 50дөй операда образдарды жаратып, 1969-70-жылдары Москвадагы Чоң театрда тажрыйба топтогон.
Кыргыз ССРинин эл артисти дүйнөлүк жана ата мекендик композиторлордун ырларын, романстарын оркестр менен аткарып, камералык ырчы катары эл арасына кеңири таанылып Дания, Канада, Куба, Монголия, Польша, Румыния, Сирия, Түркия, Швейцария, Швеция, Япония, Кытай жана бир топ советтик республикаларда гастролдогон.
Ошондой эле "Кыргыз радиосунун" алтын фондуна 600дөй ария, романс, ырларды оркестрдин коштоосу менен аткарып жаздырткан.
КРдин эл артисти ошол эле маалда мугалимдикти аркалап Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жаштарга сабак берген.
Азыр II даражадагы Манас орденинин кавалери, Даңк медалынын ээси уул-кызы, неберелеринин сый-урматын көрүүдө.
© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Кайыргүл Сартбаева көп балалуу дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан

Кайыргүл Сартбаева көп балалуу дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/15

Кайыргүл Сартбаева көп балалуу дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан

© Фото

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрдин коштоосунда радиого жаздырышкан.

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрдин коштоосунда радиого жаздырышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/15

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрдин коштоосунда радиого жаздырышкан.

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Болочоктогу атактуу опера ырчысынын балалыгы кыйынчылык менен коштолгон. Алгач апасынан, андан соң атасынан айрылып мектеп-интернатта өскөн.

Болочоктогу атактуу опера ырчысынын балалыгы кыйынчылык менен коштолгон. Алгач апасынан, андан соң атасынан айрылып мектеп-интернатта өскөн. - Sputnik Кыргызстан
3/15

Болочоктогу атактуу опера ырчысынын балалыгы кыйынчылык менен коштолгон. Алгач апасынан, андан соң атасынан айрылып мектеп-интернатта өскөн.

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Бир жолу борбор калаадагы "Спартак" стадионундагы майрамдык иш-чарада ырдаган өспүрүм кыздын үнүн ошол кездеги маданият министри Абдыкаир Казакбаев, композитор Абдылас Малдыбаев байкап калып, ага Москвада окууну сунуштаган

Бир жолу борбор калаадагы "Спартак" стадионундагы майрамдык иш-чарада ырдаган өспүрүм кыздын үнүн ошол кездеги маданият министри Абдыкаир Казакбаев, композитор Абдылас Малдыбаев байкап калып, ага Москвада окууну сунуштаган - Sputnik Кыргызстан
4/15

Бир жолу борбор калаадагы "Спартак" стадионундагы майрамдык иш-чарада ырдаган өспүрүм кыздын үнүн ошол кездеги маданият министри Абдыкаир Казакбаев, композитор Абдылас Малдыбаев байкап калып, ага Москвада окууну сунуштаган

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Ырчы 26 жашында Москва шаарындагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн

Ырчы 26 жашында Москва шаарындагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн - Sputnik Кыргызстан
5/15

Ырчы 26 жашында Москва шаарындагы Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Жогорку билимдүү аткаруучу эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрында баштаган

Жогорку билимдүү аткаруучу эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрында баштаган - Sputnik Кыргызстан
6/15

Жогорку билимдүү аткаруучу эмгек жолун Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрында баштаган

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Ал 38 жашында Кыргыз ССРинин, 44 жашында СССРдин эл артисти болгон

Ал 38 жашында Кыргыз ССРинин, 44 жашында СССРдин эл артисти болгон - Sputnik Кыргызстан
7/15

Ал 38 жашында Кыргыз ССРинин, 44 жашында СССРдин эл артисти болгон

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Кайыргүл Сартбаеванын жаш кези. Ат жалында ойногон чүйлүк ырчы кыз.

Кайыргүл Сартбаеванын жаш кези. Ат жалында ойногон чүйлүк ырчы кыз. - Sputnik Кыргызстан
8/15

Кайыргүл Сартбаеванын жаш кези. Ат жалында ойногон чүйлүк ырчы кыз.

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Эл артисти сахнада ондогон операда образ жараткан

Эл артисти сахнада ондогон операда образ жараткан - Sputnik Кыргызстан
9/15

Эл артисти сахнада ондогон операда образ жараткан

© Sputnik / Александр Поготов

Залкар ырчы "Чио-Чио-Сан" операсында мадам Батерфляйдын образында. Фрунзе шаары, 1976-жыл.

Залкар ырчы "Чио-Чио-Сан" операсында мадам Батерфляйдын образында. Фрунзе шаары, 1976-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/15

Залкар ырчы "Чио-Чио-Сан" операсында мадам Батерфляйдын образында. Фрунзе шаары, 1976-жыл.

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

Таланттуу композитор, дирижер, улуу устат Калый Молдобасанов менен

Таланттуу композитор, дирижер, улуу устат Калый Молдобасанов менен - Sputnik Кыргызстан
11/15

Таланттуу композитор, дирижер, улуу устат Калый Молдобасанов менен

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

Мукам үндүү ырчы чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын ийине жеткире аткарган. Фрунзе шаары, 1984-жыл.

Мукам үндүү ырчы чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын ийине жеткире аткарган. Фрунзе шаары, 1984-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/15

Мукам үндүү ырчы чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармаларын ийине жеткире аткарган. Фрунзе шаары, 1984-жыл.

© Фото / из семейного архива Сартбаевых

СССРдин эл артисти сахналаштары менен иш маалында

СССРдин эл артисти сахналаштары менен иш маалында - Sputnik Кыргызстан
13/15

СССРдин эл артисти сахналаштары менен иш маалында

© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүү

Театр жылдыздары Кайыргүл Сартбаева менен Махмуд Эсамбаев. Москва шаары, 1986-жыл.

Театр жылдыздары Кайыргүл Сартбаева менен Махмуд Эсамбаев. Москва шаары, 1986-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/15

Театр жылдыздары Кайыргүл Сартбаева менен Махмуд Эсамбаев. Москва шаары, 1986-жыл.

© Фото / из личного архива Искендера Сартбаева

Опера ырчы бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. 86 жаштагы опера ырчысы азыр ардактуу эс алууда.

Опера ырчы бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. 86 жаштагы опера ырчысы азыр ардактуу эс алууда. - Sputnik Кыргызстан
15/15

Опера ырчы бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. 86 жаштагы опера ырчысы азыр ардактуу эс алууда.

Тема боюнча:
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү
Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0