41 градус ысыйт. Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫсык учурунда кыз суу ичип жатат. Архив
Ысык учурунда кыз суу ичип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Жазылуу
Курорттук аймак болгон Ысык-Көлдө термометр +33, ал эми Чолпон-Ата калаасында +30 градусту көрсөтөрүн синоптиктер эскертти.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ишембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жердерде күндүн ысыгы 41 градуска чыгат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Талас жергесинде +32...+37, Ысык-Көлдө +28...+33 жана Нарында +31...+36 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +37...+39, Ошто +39...+41 жана Чолпон-Ата шаарында +28...+30 градуска жетет.
ӨКМдин өрт өчүрүү жана өрттү алдын алууну анализдөө бөлүмүнүн башчысы, подполковник Ренат Токталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Радио
Абайлагыла, ушул тапта күн катуу ысыгандыктан өрт кооптуулугу жогору. ӨКМ эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0