22-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФонтандын жанындагы адамдар. Архив
Фонтандын жанындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Жазылуу
22-июлда республиканын Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Жума күнү Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +36…+41, Таласта +34…+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +37…+42, Нарын жергесинде +31…+36 градуска ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +38…+40, Ош шаарында +40…+42, ал эми Чолпон-Атада +28…+30 градус болот.
Термометр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Токаев Борбор Азияда температура өтө тез өсүп бара жатканына тынчсызданды
Жаңылыктар түрмөгү
0