https://sputnik.kg/20220720/kyrgyzstan-rossiya-mugalim-tazhryjba-bilim-1066193038.html
Кыргызстандык мугалимдер тажрыйба алуу үчүн Москвага барышат
Кыргызстандык мугалимдер тажрыйба алуу үчүн Москвага барышат
Sputnik Кыргызстан
Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилиндеги стипендия менен камсыз кылат. 20.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-20T08:32+0600
2022-07-20T08:32+0600
2022-07-20T08:32+0600
кыргызстан
россия
мугалим
тажрыйба
билим берүү
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0f/1064423810_0:0:3641:2048_1920x0_80_0_0_28003c10e627a4d649a4eedb5e919351.jpg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили жана адабиятын окуткан мугалимдер Москвада илимий стажировкадан өтө алышат. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" уюму билдирди.Горчаков атындагы фонд, Пушкиндин ысымын алып жүргөн, орус тили боюнча мамлекеттик институт жана Россотрудничество агенттиги уюштуруп жаткан программага катышууну каалагандар 28-августка чейин арызын тапшыра алат.Катышуучулар орус окумуштууларынын филология тармагындагы эң олуттуу жана келечектүү жетишкендиктери менен таанышат. Университеттерде, аналитикалык борборлордо, эксперттик сессияларга катышып, Пушкин атындагы окуу жайдын окумуштууларынын жетекчилиги менен иш алып барышат.Катышууну каалагандар Россиянын аймагында жашабаганын жана Кыргызстандын жараны экенин далилдеши зарыл. Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилинде стипендия менен камсыз кылат.Катышуу эрежелери тууралуу кененирээк маалыматты Горчаков атындагы фонддун сайтынан алуу болот.
https://sputnik.kg/20220712/kyrgyzstandyktar-kamchatkaga-ilimiy-ekspeditsiyaga-chakyryldy-1066005474.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/0f/1064423810_677:0:3408:2048_1920x0_80_0_0_f642532225fd11e799fe7c3e32d57a1b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, мугалим, тажрыйба, билим берүү
кыргызстан, россия, мугалим, тажрыйба, билим берүү
Кыргызстандык мугалимдер тажрыйба алуу үчүн Москвага барышат
Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилиндеги стипендия менен камсыз кылат.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили жана адабиятын окуткан мугалимдер Москвада илимий стажировкадан өтө алышат. Бул тууралуу Бишкектеги
"Русский дом" уюму билдирди.
Горчаков атындагы фонд, Пушкиндин ысымын алып жүргөн, орус тили боюнча мамлекеттик институт жана Россотрудничество агенттиги уюштуруп жаткан программага катышууну каалагандар 28-августка чейин арызын тапшыра алат.
Катышуучулар орус окумуштууларынын филология тармагындагы эң олуттуу жана келечектүү жетишкендиктери менен таанышат. Университеттерде, аналитикалык борборлордо, эксперттик сессияларга катышып, Пушкин атындагы окуу жайдын окумуштууларынын жетекчилиги менен иш алып барышат.
Катышууну каалагандар Россиянын аймагында жашабаганын жана Кыргызстандын жараны экенин далилдеши зарыл. Тандоодон өткөндөрдү уюштуруучу тарап жол кире, жатакана жана стажировкадан өтүү мезгилинде стипендия менен камсыз кылат.
Катышуу эрежелери тууралуу кененирээк маалыматты Горчаков атындагы
фонддун сайтынан алуу болот.