00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жанышов: оператор менен режиссёр бирин-бири уга билиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековОператор жана кинорежиссёр Караш Жанышов
Оператор жана кинорежиссёр Караш Жанышов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Оператор жана кинорежиссёр Караш Жанышов оператордун кинодогу ролу, операторлук чеберчилик жана кыргыз операторлорунун учурдагы абалы тууралуу айтып берди.
Техника укмуштуудай жаңы мүмкүнчүлүктү бергенине карабастан кинооператор кинонун тилин билиши керек. Ошол сценарийдеги окуяны визуалдык түрдө көрүүчүгө жеткире алышы зарыл. Бул тууралуу Караш Жанышов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жанышов: оператор менен режиссёр бирин-бири уга билиши керек
Анын айтымында, кыргыз киноиндустриясы фильм тартууда техника, адамдык ресурсту абдан үнөмдөйт.
"Кино тармагына кадам таштагандан бери 30-40 оюн жана даректүү тасманын оператору, 4-5 толук метраждуу фильмдин монтажеру болуп иштедим. Ал эми режиссёр катары иштеген жалпы төрт чыгармам бар. Учурда акыркы кино боюнча иштеп жатам. Бир эле адам бир долбоордо бир нече функцияны аткара албастыгын белгилеп кетким келет. Андыктан мен режиссёр болгон учурда өзүмдүн милдеттеримди гана аткарып, башка оператор менен иштешем. Бул кинонун сапатына түздөн-түз таасир этет. Режиссёрлордун ар кандай түрү болот. Кээ бири ар бир кадрдын көрүнүшүн деталдарына чейин чийип алат да, ошол бойдон экрандаштырууну каалайт. Мында оператор алдындагы тапшырманы аткарышы керек болот. Айрым режиссёрлор операторго негизги ойду таштайт да, чыгармачылык эркиндик берет. Жыйынтыктап келгенде кино режиссёрдуку болгондуктан оператор режиссёрду уга билиши керек деп эсептейм. Ошол эле учурда режиссёр дагы дал ошондой оператор менен эсептешсе, анда кино сапаттуу чыгат. Кино искусствонун башка түрлөрүнө салыштырмалуу коллективдүү иш. Андыктан бул жерде командалык жумуш алып барылышы зарыл. Мисалы, дүйнөлүк кинодо бир эле оператордун командасында 5-6 адам иштейт. Бизде ошол кишилер аткарган жумушту бир эле оператор аткарып коюшу мүмкүн. Мындайча айтканда, кыргыз киноиндустриясы финансылык абалга жараша фильм тартууда техника, адамдык ресурсту абдан үнөмдөйт. Чыгармачылыкта эч качан жасаган жумушуңа ыраазы болбойсуң. Мисалы, биздин жумушта кадр 70-80 пайыз оюңдагыдай тартылса бул абдан чоң жетишкендик", — деди Жанышов.
Ал жалпы төрт кыска метраждуу тасма жаратканын, эми толук метраждуу фильм тартууну пландап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0