Мөмө-жемишти көп жеп, оор жумуш жасабагыла! Аптапта эске алчу эрежелер

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКөчөдө сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Көчөдө сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Кыргызгидромет 20-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күн адаттан тыш катуу ысый турганын эскерткен.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык мамлекеттик көзөмөл департаменти катуу ысык адамдын ден соолугуна кооптуу экенин эскертип, аптапта керек болчу кеңештерин жарыялады. Белгилей кетсек, Кыргызгидромет 20-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күн адаттан тыш катуу ысый турганын эскерткен.
"Өзгөчө улгайып калган адамдар, кош бойлуулар, өнөкөт оорусу барлар ысыктан этият болушу керек. Себеби аптаптуу ысыкта организм көп суюктук жана минералдык туздарды жоготот. Суу жетпеген учурда кан коюуланып, жүрөккө күч келип, тромб пайда болуу тобокелчилиги жогорулайт", — деп айтылат маалыматта.
Ысыктан коргонуу боюнча кеңештер:
Күн нуруна турбаш керек. Колдон келсе көлөкөдө басып, көчөгө көп чыкпаганга аракет кылган оң;
Саат 12:00дөн 17:00гө чейин күн ачуу тиет. Бул учурда мүмкүн болушунча салкын жерде жүрүү сунушталат. Бул убакыт аралыгында көчөгө чыга турган болсоңор, баш кийим кийип же кол чатыр колдонуу зарыл;
Өнөкөт оорусу жоктор суюктук көбүрөөк ичиши керек. Бирок суу өтө муздак болбошу керек. Антпесе тумоолоп калышыңыз ыктымал;
Жашылча-жемишти көп жеген оң. Өзгөчө бадыраң, помидор, апельсин, өрүк, алма, дарбыз, коон. Мөмө канчалык ширелүү болсо, ал организмге ошончолук суюктукту керектүү өлчөмдө берет;
Кондиционер же вентилятор колдонуңуз. Бирок анын шамалына отурбаш керек, болбосо ооруп каласыз;
Ачык түстө, жеңил кийим кийген оң. Эркектер зарыл болбосо галстук тагынбай эле койгону жакшы. Себеби ал кан айланууну начарлатат;
Оор иштерди кыскартып, мээге көп күч келтирбеш керек;
Чөптө 10-15 мүнөт жылаңайлак басып койсоңуз, кан айлануу жакшырып, өзүңүздү жакшы сезип каласыз;
Балдарды күнгө көп чыгарбаш керек. Эшикте ойноп жатканда сөзсүз баш кийим кийгизүү зарыл.
Куруучулар иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Катуу ысыкта жумуш күнүн кантип кыскартса болот? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0