Германияда Евробиримдик оор каатчылыкка кантип жакындап жатканын түшүндүрүштү

© AP Photo / Virginia MayoЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Автор белгилегендей, Европадагы кырдаал Украина каатчылыгы курчуганга чейин эле чыңалган абалда болчу.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ийгиликсиз ички саясат жана Россияга каршы санкциялар Евробиримдикти "ири кризиске" кептеп жатат. Германиялык журналист Эрика Бонзенин мындай макаласы Telepolis порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.
Автор белгилегендей, Европадагы кырдаал Украина каатчылыгы курчуганга чейин эле чыңалган абалда болчу. Инфляция дароо жогорулап кеткенине карабай, Евробиримдикке мүчө 27 мамлекет биргелешкен иш-аракеттер боюнча бир пикирге келе албай коюшкан.
"Ошол эле маалда Россияга каршы санкциялар киргизилип, бул рынокто олку-солку абалды жаратып, баалар андан да өскөн. Бирок ЕБдин санкцияларынын тобокелчиликтери эске алынган эмес. Кесепетин эми көрүп жатабыз", — деген Бонзе.
Анын божомолунда, Еврокомиссия быйыл аймакта инфляция 7,6 пайызды чапчып, эң жогорку деңгээлге жетерин күтүп жатат. Ал эми Европа экономикасы 2,6 пайызга төмөндөйт деген божомол бар. Ошол эле учурда евронун баасы АКШ долларынан бир аз кымбатыраак.
Журналист газ жана экономикалык кризис кырдаалында Еврокомиссия алсыз көрүнөрүн белгилеген. Бонзе эгер газ жаатында өзгөчө кырдаал жаралып калса, комиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен жана анын командасы кеңселерде жана коомдук имараттарда температураны 19 градуска чейин төмөндөтүүдөн башка эч нерсе ойлоп чыга албай турганын белгилеген.
"Саясат урап, Евробиримдик күздөн бери ири кризиске бара жатат. Мунун кесепети энергетика рыногуна гана эмес, экономикалык саясат жана валюта союзуна да тиет", — деген макаланын автору.
Россия Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Кремль аны буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. Бийлик мындай сценарийге мурдатан эле даярдангандыгын айтып, социалдык милдеттенмелер мурдагысындай эле аткарыла берерине ишендирди. Санкциялардын кесепети кайра Европанын өзүнө тийди. Батышта күйүүчү май кымбаттап, азык-түлүк инфляциясына кабылды. Мындай жагдай Европа биримдигиндеги көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.
АКШнын Москвадагы элчилиги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россияга каршы санкциялар ашыкча болуп баратканын мойнуна алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0