Салык кызматы: 1-сентябрга чейин үй, транспорт жана жер салыгын төлөңүздөр!

© Sputnik / Табылды КадырбековАчкыч жана акча. Архив
Ачкыч жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Жазылуу
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 1-сентябрда транспорт, турак үй жана жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
1-сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөө керек?
транспорт үчүн;
турак үй, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
үй, короо-жай жанындагы жер участокторуна.
"Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган. Ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болору кошумчаланды.
Чек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Садыр Жапаров ККМдин салыктан башка үч негизги артыкчылыгын санады
Жаңылыктар түрмөгү
0