Жоо айласын кетирген Манас, Көкчө менен Үрбүгө тартууланган кыздар. Кезектеги баян

© Sputnik / Александр Федоров"Манас" эпосуна арналган спектакль. Архив
Манас эпосуна арналган спектакль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Жазылуу
Эмки сюжет Акунбешим кандын айласы кеткен, Манас менен Бакайдын жоо артынан түшкөн, Көкчө менен Үрбүгө тартууга кыз берилген окуялар менен уланмакчы.
Буга чейин Кыз Сайкал менен Эр Манастын алгачкы көрүшүүсү, баатырдын Орго кандын айласын кетиргени тууралуу учурларды баяндап бергенбиз.
Сары аярдын ыйлап келиши. Орго кан жардам сураганда Акунбешим Кеймен, Чулу, Ардай деген кол башчыларын жети жүз миң аскер менен урушка жөнөтөт. Манастын колу менен урушуп, өлгөндүн баарын көрүп, көмүлбөй калгандарга өксүп ыйлап Сары аяр деген бир калдайы өнөр менен кутулуп, Акунбешим канына качып барат. Анын артынан "ат-тонунан айрылып өзү барды кай бирөө, кулагынан айрылып көзү барды кай бирөө, сол колунан айрылып, оңу барды кай бирөө", "муздап калган эмедей тоңу барды кай бирөө", "көздөрүнөн айрылып кашы барды кай бирөө". Баары жогу жоголуп кээ биринин башы эле барды, кээ бири бөркүсү барды, кээ бири көрксүз барды. Бири чолок келсе, бири нонок келди. Бири балдак менен келсе, бири өң-алеттен айрылып балдаксыз шашып келди. Бири бир тууганын жоктоп келсе, бири урушту сөгүп боктоп келди, бири акыл-эстен айрылып, көрүнгөн кепти көп айтып оттоп келди. Ошондо Сары кыяр аяры Акунбешим канга беттешкен жоосу тууралуу мындай айтат: "Эбин-чагын журт күтүп эл көрө элек экенбиз, эрегишип урушуп эр көрө элек экенбиз, ала мөңгү бел ашып тоо көрө элек экенбиз, айгайлашып урушуп жоо көрө элек экенбиз, ат арытып сапардан жол көрө элек экенбиз, арбын черүү, улуу топ кол көрө элек экенбиз, ар тараптан арбыган эл көрө элек экенбиз, агып ташып каптаган сел көрө элек экенбиз, айтканынан кайтпаган, ажалдан башын тартпаган эр көрө элек экенбиз, өпкө чайкап, кан ичип өт көрө элек экенбиз, өзөн күйүп туташкан өрт көрө элек экенбиз, башыбыздан ар ишти өткөрө элек экенбиз!" Ушинтип айтып Сары аяр көзүнөн жашын тыйбайт, кыргыздарды эстегенде калтыраганы басылбай жанын кыйнайт. Муну менен эле бүтпөйт, салгылашкан душманынын ичинде ат көтөрө албай пил мингени бар экенин айтат, көк темир кийген дөөлөрү бар экенин айтат, мунарадай зоңкойгон бойлуулар бар экенин айтат.
Акунбешимдин амалынын кеткени. Сары кыяр аярынын сөзүн угуп, уруштан качып келген аскерлерин көрүп, Акунбешим элин тулпар минип, туу аштап турууга, түп көтөрүлүп, сап тартып урушууга үндөйт, кара болот калканды алгыла, каршы-терши майданда чабышабыз дейт. Анан топ башчысын чакырат, болгон иштин баарын айтып кат жаздырып, мөөрүн басып, тоосу менен оюна токсон чабарманды чаптырат, урушка даяр тургула, баарың мында келгиле, Алтайдан чыккан бир кыргыздын азабын колго беребиз дейт. Ошол кезде Акун шаа ордого добул кактырып, ордосунун сыртына отуз миң балбанын бактырат. Бейшекел жаң-жуңдан, Ойрок жайсаңдан – баары он эки миң кол менен Ала-Белге жиберет. Дагы бир тобуна Көтмалдыга барып, капчыгайдын коосунан, Омполдун кызыл тоосунан келе жаткандарды кароолдоп турууну тапшырат. Жаза тайып өткөрүп ийсеңер бурутту, бурут бизди курутту дейт.
Манас менен Бакайдын жоо артынан түшүшү. Ошол кезде Акунбешимдин шаарын карай "ак асаба туу менен, айгайлаган чуу менен, көк асаба туу менен, көк жаңырган чуу менен, добул согуп күңгүрөп, тоо көчкөндөй дүңгүрөп, сел жүргөндөй күркүрөп, өрт күйгөндөй дүркүрөп эркин күңгөй жол менен, эки жүз миң кол менен" Эр Манастын колу келе жатты. Аларды аскерлердин бир тобу Шамың шаа баштап Кызыл-Омпол дөбөдөн караса, Кызыл-Сууну жердеген Бооң дегени дагы бир дөбөдөн дүрбү салып байкап турат. Булар Талды-Суунун оюнан, Кер-Көл ата боюнан келе жаткан көп колдун сүрү менен түрүн көрүп заманасы куурулат, ичинен өксүп буулугат. Келе жаткан колду адаштырып күтүп тургандар амал кылып ар түрдүү жолго салды. Аларды аңдып алты жолдош кошчу алып Манас артынан из кууду. Бирлери артуу жолго салып, издери бөлүнүп кеткен, бирлери капчыгай өрлөгөн. Манас ошондо кыраакылык кылып ойлонуп, капчыгайга салалы дейт, Ороздун уулу Чагатай бул жерлердин тоосу жаман чеп экенин, тозоктой кыйын жер экенин, токой менен чер экенин айтып, катылып кыргын болбой кете берели дейт. Муну укканда Манастын көзүнөн от менен жалын чыгат. Ушул жерде отуз төрткө чыккан акылман Бакай айла табат: ар жылгага миңден киши болуп өрдөп чыгалы, беш-алты миң кол барып, тоонун башын алалы, ошол жерде тосотту тостуруп, таш кулатып салалы, ал жакта кол болсо тарсылдатып атышалы дейт. Акыл калчап сүйлөшүп, акыры бир пикирге келип, жүз элүү миң кол менен Эр Манас ач кайкалак жол менен жүрдү, Бакай болсо кырк миң аскер кол менен тилке-тилке коо жакка, капчал бийик зоо жакка салды. Бул жерлерде кийик менен аркары андан көп, аларды кууган аскерлер мындан көп болуп кетти. Ошентип жылгалуу колотто жылып жүрүп, күн өттү, түн өттү. Бакайдын колун күтүп кырктын башы Кыргыл чал жетимиш миң кол менен Байдамтал деген жерде жатты. Ушул тоого кырк миң кол кантип батсын, Бакай ошончо кол менен кетти эле, неге бир кабарын бербейт, кыраан Бакай соо эмес, андан да кабылан Манас не болду деп кабатыр болот да Ошпур кары, Кыргыл чал баш болуп издеп жолго чыгат.
Капчыгай ичиндеги алаамат. Бир жерге барса кабылан шердей үрөй учурган доош чыгат. Баары жакындай албай, алыстан абайлай карап калат. Ошол жерде калмактын сыйкырчысы дуба окуп, алтоон узуну жүз кулач ажыдаар, төртөөн жолборс кылып коюптур, отузу көк бөрү, кыркы кызыл чөө, экөө кабылан, сегизи илбирс, ону кара куш, тогузу каман болуп калыптыр. Пендеде мындай болбогондур деп Кыргыл чал арткы колду чакырды, мына буларды көргүлө деп бакырды. Эми не кылуу керек: жол тосуп камандар күркүрөйт, жолборс менен илбирстер айкырат, кара куштар ары бери кайкып учат. Кыргыздар колун түгөлдөсө – жетимиш миң аскер бар, аларды ичинде жыйырмасы – саадакчы, отузу – мылтык атуучу, беш миңи – күрсүчү. Он беш миңи найза, кылыч чабышат. Жакын барбай баарысы алыстан атмак болушту, ыңгайын таап конушту. Муну кылган Акунбешимдин Бооң аярынын иши экенин билип, ачууланса ал ара күндүк жердин баарын өрттөй салат деди Ырамандын Ырчы уулу. Ошол кезде кыргыздарга кошулган Оргонун Ырдык деген аяры бул аярдын кылган иши экен, баарыбыз камалып калдык, ачтан өлөбүз эми, менде бир амал бар, уруксат этсеңер ошону аткарайын дейт. Уруксат беришет Кыргыл чал баш болуп. Ырдык аяр жети кесе суу алды, жети үшкүрүп дем салды, жерден жети кесек топурак алды. Булардын баарын колуна кармап, Бооң аяр жолуна келди. Атууга буйрук берди, атарын Бооң аяр да билди. Абсун окуп, дем салып бир үшкүрүп ийгенде тоодой кызыл от күйдү. Мергендер отко даай албай туруп калды. Ошондо Ырдык жети кесек топуракты ал жакка үйлөдү эле жети кат булут болду, жети кесе суусу жети дайра, көл болду, Бооңдун күйгөн отун жалп өчүрдү. Анан Бооң туруп кыйкырды эле капчыгай ичи көчүп, капкараңгы түн түштү, адамдарга алаамат күн түштү. Не кыларын биле албай Кыргыл чал баштаган кыргыздар туруп калды.
Манас ордосундагы эстеликтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Манастын Жолойду жарадар кылышы. Кошой менен табышуусу. Улуу баяндан 5 факт
Эми Бакайдан кабар алалы. Бакай баатырдын кеткенине эки күн, бир түн болду. Алар тоонун туш-тушун жойлоп, акыры башына жетиптир. Жетсе, жоо көрүнбөйт. Буга Эр Бакай айран калат. Жакшылып караса, алар турган жерде күн бар да, жоонун жаткан жери түн экен. Бир учурда жарымы күн, жарымы түн болсо, бул аярдын кылганы деп ойлойт Бакай баатыр. Мунун сырын билген барбы, өнөрлүүлөр кимдер экен деп сүрүштүрүп кирет өз колунун ичинен. Ошондо бирөө чыгат. Ал Бабылдан келген Байкүш аяр экен, Баатыр Кошойго шакирт болуп жүргөн жайы бар имиш. Байкүш бир кузгунду көрүп калды. Абсун окуп ийсе, жанагы кузгун колуна конду. Анын куйругуна үч кулач төө жүнүн жип кылып байлады да, кузгунду учуруп ийди. Кузгун октой сызып капчыгай аралап киргенде караңгы жерлер жарыды. Кузгун барып Бооң аярдын башын жарыптыр. Ошондо да аныңар узуну жүз кулач ажыдаар болуп, көлдөлөң тартып суусуна көпүрө болуп калыптыр. Бооң аяр жолборс кылгандар, ажыдаар кылгандар, башка-башка кылгандар кайра адам кылгыла деп кыйкырат. Отуз миң мерген курчап ажыдаар болгон аярга кошо жолборс болгон, чөө болгон, бөрү болгон, куш болгон, кабылан болгон баарысын аткылашып, ичин жарышты, терисин ташка жайышты. Ажыдаар кырк миң колду жутуп койгон экен, анын ичин жарганда баары түгөл чыгышты. Ичинде эмне бар экенин, ат-маты менен жутулуп кирип барганын айтып кужулдап калышты. Ажыдаарды токсонго бөлүп салса да, өлөр түрү көрүнбөйт, башын бөлүп салышса, тоголонуп башы ээрчип жөнөдү...
Манас баштаган колдун жүрүшү. Кыргыл чал менен Бакай баатырлар капчыгай ичинде сыйкырланып жүргөндө Эр Манас бир жерге келет. Ал карк эткенден карга жок, курк этерге кузгун жок жер экен. Жүз элүү миң кол менен жүргөн Манас жүз миңин бир белге калтырды, калганы менен өзү жүрүш кылып, байрак менен белги беришмек болду. Жүрүп келип караса, азганакай талаасы, Акунбешим паашанын ошол экен калаасы. Булардын жолун Тагылык аттуу баатыры жүз миң кол менен тосуп чыкты. Манас кырга чыгып, калган колго байрак булгап белги берди. Анан жүз миң колу кыядан кылкылдап чыкты. Кыямат уруш башталды. Кумдан көп аскерден жебенин огу кыркырап, мылтыктын огу зыркырап атылып атты. Эр Манас аккелтесин чаңыртып, арстандай айкырып атса, калмактар ары качат, алардын баатырлары Агылык менен Тагылык бирде ары качып, бирде кайра берип келип, жабуу-жабуу-жабуу деп кыйла кыргыздын шаштысын алды. Ошол кезде алп Манас соот, кыяк кийип, калмакка ач бөрүдөй тийип, мубакүлдүү сыр найза булгап алды колуна. Ачуусу келген Тагылык сыр кундактуу көк бараң тарс дедире бир коюп, алеңгир жаа, сыр жебесин Манасты көздөй мээлеп келе жатканда экөө маңдай-тескей келди. Кайран Манас мындайды күтүп турган экен да, калмак ээр кашына, как жүрөктүн башына сыр найзасын матырды, боордон сайган найзасы сыртынан чыгып кетти. Манас Тагылыкты найзага илип көтөрүп, төрт аягын арбайтып бир айлантып чыкты. Уруш көпкө уланды. Орчун шаар калмагын кыргыз колу ойбойлотуп сүрүштү. Алты күн мурун ал жердин эли эбак качып кетип, жоокерлери гана калган экен. Ээн калган шаарга Эр Манас кирип келди шаан-шөкөт менен...
Эр Көкчө менен Үрбү баатырдын жеңиштери. Ушул кезде Манастан бөлүнүп башка тарапка урушка кеткен "саймалуу калпак, сары шым, шалдыркан кисе бото кур, алтындуу наал, жез өкчө, Айдаркан уулу эр Көкчө" жыйырма тогуз жашка келип, Иле боюн башкарып турган Илебин деген калмак кандын айылына барат. Ал Илебин Орго канга жардамга бара коёмун деп, Бакай баатырдын колунан өлгөн экен, кансыз калган эл өзү эле Көкчөгө багынып чыкты. Илебиндин агасы Чыңша байдын кызы Буудайбек сулууну Көкчөгө аял кылып беришти калмактар мунасага келишип. Дагы бир топ Үрбү баатырдын тобу Кеминдеги Кеймен шаанын ордосуна келет. Ал калмак да Оргого жардамга барып, аламан согушта Эштектердин Жамгырчысы колдуу болуп каза тапкан экен. Кеймендин кызы Ойсалкын өзү алдынан чыгып Үрбү баатырдан Эки-Кеминдин элин сурап алат, акысына ага аял болуп калат.
Акунбешим паашанын кабары. Акунбешимдин буйругу менен Шам шаа дегени он сегиз миң кол менен Омполду көздөй барат. Анан ал Талды-Суунун оюнан, Кер-Көл ата боюнан кайнап келе жаткан калың колду көрөт. Кайра качып келип Шам шаасы Бешим деген шаарга келип, канга көргөнүн бүт айтат, сел каптап келе жатат дейт. Өзү бүт адамдарын качырат. Шам шаа ушинтип айтып атканда жараланган кырк-элүү киши дагы кан үстүнө келип армандарын, буруттар менен уруштан көргөн кордуктарын, алардын теңдешсиз жоо экенин айтып калат. Анан да ал шашкалактап душмандардын бири миңден качпаганын, айбаттары жолборстой экенин, асти өлүмдөн баш тартпасын кошумчалайт. Буларды угуп Акун шаа таң калды. Качсамбы деп ойлоду. Ага дагы болбоду. Баңдуулусун уруп, калмактын баарын камдантты, ордого добул согуп, ойроттун баарын чогултту. Ушул кезде Алматы ашып Манаска келе жаткан Үрбү баатыр менен Көкчөнүн колу биригип, Акунбешим шааны камоого алып турган Эр Манастын колуна кошулат да, сансыз көп аскер Чүй боорун басып калат.
Кыргызский богатырь Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2022
Манастын Нуукер менен согушу. Улуу баяндан 5 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0