Кыз Сайкал менен Эр Манастын алгачкы көрүшүүсү. Улуу баяндан 5 факт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыз Сайкал. Архив
Кыз Сайкал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
Баянды Тейиштин көтөрүлүшү, жамы журтту чакырып той бериши жана андагы Кыз Сайкал менен Манастын кездешкен эпизоддору уламакчы.
Тейиш кандын ат чаптырышы. Темир уулу Текес өзүн-өзү өлтүрүп, кандыгы башчысыз калганда кимди эл башына коёбуз деп Манас калмак журтуна кайрылганда бир топ талапкер баш тартып, көпчүлүк дал ошол Текестин иниси, Темирдин кенжеси Тейишке токтолот. Өкүмдарлык такка отургузганда салт боюнча Тейиш кан ааламда жок той берүүнү ниет кылган экен, эл чакырып, той баштайт. Тойдун шааниси ат чабыш. Ат чабарга жер издеп жүрүп Темиркандын калаасынын жакшылары ошол жерден анча алыс эмес Текшигердин талаасын ат чабар майдан катары тандайт. Байгесинин башына төрт жүз жылкы, үч жүз уй, төрт жүз төө сайылат. Баары болуп күлүктөн күлүк чыккан кырк атка байге берилмек болот. Ат жарышта эң артта келгени да кур калбайт: эки жылкы, бир төө алат. Соорундун баары Как-Төтөнүн белине, Текес кандын кызыл туусунун алдына алып келинип коюлду. Ат сүрөө да, көтөрмөчү да жок, таза чабылсын дешти жарчылар. Тоо жара кишенеген жылкылар, мен күлүкмүн деп мактанып койкоңдогон тулпарлар, шамал менен жарышкан шамдагай сайгүлүктөр, адам уулуна байлатпай келген жапан азоо аттар Эчки-Өлбөс деген тоонун тушунан коё берилип, Маңкан менен Кордойдон өтүп марага келүү керек. Тогуз жүз ат чубатууга камынып, аларды айдоого токсон киши беленделет. Көңкү журттун баарысы көк жайыкка токтолду. Аттарды эки күн барар жерине айдайт. Ошол кезде эл ашыкпай жайланат. Үчүнчү күнү кайра кайтып, мөрөй алчу жерге келери чечилет. Ат чапкандар менен ат айдагандарга, алардын тамашаларына батамын деп отургандарга Тейиш кан коноктогонго алты жүз кара, он миң кой чыгарып берет. Келгендерге "кырга жылкы айдатып, кызматкерди даярдап, кырк миң бээни байлатып, кымызды көлдөй жайнатып" таштайт.
Балбан күрөш. Ат чапкандар чабыш башталар жерге кетти. Эл калды. Эми аларга кызыкты салалы деп Тейиш кан башына төө коюп, тогуздан кара байлатып балбан күрөштү баштап ийди. Казактан бука моюн, буура сан, алышкан адам жыкпаган Байкап деген балбан чыкты. Ага эми калмактардан бирөө чыгышы керек эле. Алар болсо кыргыз-казакты жаңыдан тууган кылып атсак, күрөшкө чыкмак белек деп туруп алды тайсалдап. Ошол кезде арга калбай кыргыздын окчо деген уругунан, Ыспара деген жердин улугу Көкжору деген жигит чыкты. Байпактап басып Көкжору ары жакка бир өтүп, бери жакка бир өтүп, үч айланып майданды кармаган жерден кан чыгарып, Байкап казакты белден уштап ныгырып туруп, как төбөгө көтөрүп, чимирилтип үч айлантып келип көтөрүп, далысын жер жыттатты. Окчо кыргызынын бул кылыгына казактар эле эмес, калмактар да бир жагы эси оосо, бир жагы көңүлдөрүн кирдетти. Тойдогу оюндарда казак менен калмак бир тарап болуп, кыргыздар менен сарттар бир тарап болуп, Көкжоруга эми казак-калмактан ким чыгат болуп калды. Ошондо балбанга тең келер адам чыкпай, жарчысы күрөш бүттү эми, андан көрө эр сайышка өтөлү деп жиберди...
Иллюстрация Теодора Герцена из эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Манас баатырдын Текес кан менен урушууга барганы. Улуу баяндан 6 факт
Эр сайышка чыккан Кыз Сайкал. Найзалар колдо кылкылдап, асабалар желге ыргалып, түмөн журт тамашага батып турганда эр сайышка мына мен чыгам деп бирөө чыкты ортого. "Он жетиде жашы бар, башында тулум чачы бар, сары буурул аты бар" кыз экен ал. Отурган көпчүлүк аң-таң калды. Кыздын туулга менен калканы туюк болот, көк темир экен, найзасы тогуз кулач, чубалып жүрөт. Кимиси чыкса да аны ушул найзамдын учуна илип алып көккө көтөрбөсөм элеби деп улам-улам толгоп коёт найзасын. Бир жагынан казактын эр уулу, Манас менен тең уулу, кыргыз-казактын ушул уруштагы кол башчысы Айдаркан айгай салып, ушул кыздын дарты өтүп кетти деп кыйкырып атат. Кыздын аты Сайкал экен. Элдин баары Кыз Сайкал дейт экен. Ортолукта турат, желектүү найзасын желге желбиретип, кимди болбосун жүрөк тушка сайып саламын деп делөөрүп. Кана, кызга ким чыгат? Кызга чыгар эрен жокпу, көкүрөгүн тосуп берчү берен жокпу, найзалашып тең келишер эр жокпу? Катындан эркек качарбы? Үйдө жатар ургаачынын айласын табар эр уулу калбаганбы? Эл ичинде уламалары шыбырашты: "бу кызды Текестин журту тек деген, атасы Доотай-бек деген, кара чоктуу калмактын, кандай кыйын баатыры, кармашып алы жетпеген". Анан ошол айбаты катуу бу кызга ажалы жеткен бирөө эле өлөмүн деп барбаса, акылы бар адам жакындай турган жан эмес экен. Ортодо он жети жашар кыз турат, колунда желектүү найза кылкылдайт. Ага каршы казак менен калмактан төрт жүз миң, кыргыз менен сарттардан төрт жүз миң, жаамысы болуп сегиз жүз миң кишиден алдыга бирөө чыгып козголбойт, сайышам деген жан болбойт. Сүкүт салып, сабырлана Сайкалды карап сегиз жүз миң эр турду. Эр болбой эле өлсөчү ушулар! Бердике менен Акбалта бир жагында, Бай баласы Бакай бир жагында "чыксаңарчы катынга" деп жигиттердин намысын козгоп жүрөт. Болбоду, эч ким козголбоду. Шашке эле, түш болду, чак түш эле, түш да ооду. Кыз Сайкал турат каткан таш молодой, бир жигит ага жолобой. Не кылуу керек той ээси? Эч ким жок болсо аны менен сайышар да, алышар кызга берет да байгесин...
Манастын Кыз Сайкал менен эр сайышы. Ошол кезде Манаска жан кирет, намыс, ар кирет. Сайкалды карап туруп "ар качан баатыр болсо да, аты го мунун ургаачы" деп, Бакай абасынан Аксаргыл атты алып келүүнү суранат. Анан "бар жарагын байланып, жоо жаракты шайланып, кайра жаачу булуттай, каары жүзүнө айланып, Аксаргыл минип болкоюп, накери кийип чойкоюп, сыр найза колдо койкоюп, сырттан Манас жөнөдү". Жөнөгөндө эле ушунун келишин Кыз Сайкал күтүп турган белем, бу ар тарапты кыйраткан арстанды, кылым калкын каратмак болгон кыйын эрди, беттешкендин аялын тул калтырган немени эми чындап көрөйүн дейт. Бу неме "Бээжинге салып бейпайды, каканга салып каранды, Кырмустун элин кыйраткан, Дүбүрөнү түгөткөн, Ойроттун баарын жүдөткөн, Алтайдан келип биздерди, атышпай туруп жадаткан, Куяс менен Текести, акыретке караткан" эмеспи дейт кекенип. Бул Манасын өлтүрүп "оюндан окус кылайын, Ногойдун журтун кырайын, кыйынын окус кылайын, кыргыздын журтун кырайын" деп Кыз Сайкал Сарыбуурул тулпарын алкынтып, көзүн бир ирмеп койбой Манасты беттей жөнөдү. Пендеден коркуп койбогон, беттешкен жоонун баарын жерге жаткырган Манас баатыр да Аксаргыл атына камчы салып кыздын алдын торой чыкты. Ошондо Манас беттеше турганы "как сулуунун өзү экен, жазы маңдай, жайык төш, кобул мурун, көөхар көз, жүзү нурлуу, инжи тиш, мөлтүргөн кыз экенин" жанынан көрдү. Бул кызды катуу сайып өлтүрүп алсам, не муратка жетет элем, андан көрө өзүм аял кылып алайын деп ойлонуп, найзасын оң далынын мүрүсүнө оңдоп салгыча, каапыр кыз анын найзасын кагып ийип, өзү найза сунду. "Алтын ээр кашы деп, как жүрөктүн башы деп" Кыз Сайкал найзасын солотту. Кыздын найзасы Манастын төшүнө тийди, баатырдын көзүнөн от чагылды, ээрден көчүк бошоду. Бирде алыстап, бирде жакындап, минген аттары майышып, экөө кечке жүрдү сайышып. Бири-бирин аябай, дос-душманга карабай найзалашып атканынан эл жакшылары чочуду, бөөдө өлүм болуп, Тейиш кандын тою азага айланып кетпесе экен дешти. Алансайын Сайкал кыз "каңгайлап" ураан салса, кабылан Манас "Бай Жакып" деп бакырып, "Манастап" ураан чакырып, экөө тең бири-бирине каарданып алышкан.
Манастын айкели жана Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жакыптын Анжиянга кетели дегени, Манастын туу көтөрүшү. Улуу баяндан 6 факт
Манастын жараланышы. Ошол кезде Сайкал кыйкырган бойдон найза сайганда Манастын оң колтугун жырып кетип, учу аркадан оркоюп чыгып калат. Найза кыйла ичкери кирип Манастын карчыты менен чарайна, кыягын үзүп салыптыр. Экөө найзасыз калып бири-биринин аттарынын жалдарын кармалап, жанаша жарышып, Манастын колтугундагы сайылган найза короңдоп, элге копол көрүнүп сороңдоп, тай чабым жерге узашты. Анан Манас сол колу менен Сайкалдын оң капшытып кармайт, өзүнө тарткан менен кыз берилебейт. Берилемек түгүл Сайкал кыз оң колу менен Манасты тартат. Манастын калканы менен сооту далдал болуп бөлүнөт, көзүнө өлүм көрүнөт. Ургаачыны жыга албай кылымга кеп-сөз болормун деп ичтен өксүп түйүлөт. Не болсо, ошол болсун деп айласы куруган Эр Манас, эченди жыккан Шер Манас Кыз Сайкалдын жакасын көздөй кол сунду. Кыз Сайкал айбалтасын ала коюп Манасты өлөр жери ушул деп как төбөгө түшүрөрдө, Манас оң колу менен калканын тосо эңкейди. Айбалта калканга тийди каңк этип. Сол колу менен Манас кыздын айбалтасын талашып тартып калды. Манас ошондо оңолбогон катын деп оройдон ары салды. Кызга калкан жабылат, болотко болот чагылат. Алыстан карап тургандарга экөөнүн ортосунан жалын чыгып аткандай көрүнөт. Калмактын кызы кыргыздын жигитин өзүнө тартып, оң далыдан алат, атын теминип, оодарып таштамак болот. Ошондо Манасты "эңкейтип аттан алыптыр", Манастын "ээрден көтү кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып", эми оодарылып жерге түшмөк болот. Ал аңгыча болбой "Акбалтанын Чубагы октой атын чуратып, ортого жетип калыптыр". "Эңиш эмес, сайыш деп, жанчышып боюң салыш деп, Сайкал минген Сары атты, башка кагып өткөндө", "Сайкалдын Сарыбуурулу жалт этип үркүп кетет". "Сайыш болдубу же алыш болдубу" деп чыр чыгат. Эр Дого деген казак Кыз Сайкал тарап болот, аны менен Чубак айтыша түшөт. Эми жаатташып чоң уруш чыгып кетерде казак тараптан Айдаркан, кыргыз жактан Бакай ортого чыгып, өз-өз тобун баскан болот...
Талас облусундагы Манас ордосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Манастын хан шайланышы. Улуу баяндан беш факт
Жаңылыктар түрмөгү
0