00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Каракалпакстандагы башаламандык: Өзбекстан ТИМи Россияга ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов. Архив
Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Башкы дипломат Россия тарап тиешелүү билдирүүлөрдү жасап жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов Каракалпакстандагы башаламандык учурунда колдоо көрсөткөнү үчүн Россияга ыраазычылык билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Каракалпакстандагы кырдаалды жайгаруу боюнча Өзбекстандын иш-аракеттерин колдогону үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирем. РФтин Тышкы иштер министрлиги тиешелүү билдирүүлөрдү жасап жатты. Биздин өлкөлөрдүн башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, бул маселени талкуулашты", — деди Норов.
Ошондой эле ал башаламандыктар Конституцияны өзгөртүүнү талкуулоо учурунда башталганын, болбосо дал ушундай талаштуу учурлар боюнча кеңешип, эпке келүү үчүн демилге коомчулуктун алдына коюлганын белгиледи.
"Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү жүйөсү менен конституциялык түзүлүшкө, аймактык бүтүндүккө жана Өзбекстандын биримдигине доо кетирүү аракети жасалды. Албетте буга сырттан кийлигишүү болбой койгон жок", — деди ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу.

Каракалпакстандагы башаламандык

Июндун соңунда Өзбекстандын Баш мыйзамын өзгөртүү мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган. Демилгеде Каракалпакстан референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.
Бул окуядан кийин Каракалпакстанда 2-августка чейин өзгөчө абал режими жарыяланды. Өлкөдө кырдаал 3-июлга барып турукташты.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Мирзиёев Нукустагы башаламандыкка чет элдик күчтөрдү күнөөлөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0