Кесиптик лицейди бүткөндөргө эмгек рыногунда суроо-талап жогору. Маек

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев №98 кесиптик лицейдин окуучулары. Архивдик сүрөт
 №98 кесиптик лицейдин окуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Жазылуу
Быйыл кесиптик лицейлерге кабыл алуу онлайн-режиминде жүргүзүлөт. Кабыл алуу үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, мектепти аяктагандыгы же негизги жалпы билим жөнүндө аттестат талап кылынат.
Республикада 2020-жылдан тарта жогорку окуу жайларына кабыл алуу порталы аркылуу жүргүзүлүп келет. Бул сайттан бардык окуу жайларга байланышкан маалыматтарды ала аласыздар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова жана №98 кесиптик лицейдин директору Нуризат Иманкулова мейманда болду. Биз кесиптик лицейлер жана окууга кабыл алуу туурасында баарлаштык.
Окууга тапшыруу үчүн 2020.edu.gov.kg платформасына кирип документтерди тиркөө керек. Кабыл алуу үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, мектепти аяктагандыгы же негизги жалпы билим жөнүндө аттестат талап кылынат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин баштапкы билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова
Начальник управления начального профессионального образования Министерство образования и науки Гульнура Мамырова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнура Мамырова
— Өлкөдөгү кесиптик лицейлер тууралуу маалымат берсеңиз?
Гүлнура Мамырова: — Учурда башталгыч кесиптик адистерге эмгек рыногунда күндөн-күнгө суроо-талап өсүүдө. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2022-жылы да куруучу, электрик, ширетүүчү, автомеханиктерге болгон муктаждык жогору. Кыргызстанда жалпысынан 99 кесиптик лицей болсо, анын алтоо Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу түзөтүүчү билим берүү системасына кирет. Кесиптик лицейлерде билим алган окуучулардын 20 пайызы тамак-аш инженерлигинде, дагы 20 пайызы курулуш тармагында, 24 пайызы жеңил өнөр жайда, 19 пайызы транспорт секторунда жана 15 пайызы айыл чарба адистигине окуйт. Акыркы жылдары маалымат технологиясы тармагында окууну каалагандардын саны өсүүдө. Бул тармакта жаңы адистиктер ачылды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков№98 кесиптик лицейдин директору Нуризат Иманкулова
Директор профессионального лицея №98 Нуризат Иманкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
№98 кесиптик лицейдин директору Нуризат Иманкулова
— №98 кесиптик лицей негизинен IT тармагындагы адистерди даярдоого багытталган экен. Лицейдин иши тууралуу айтсаңыз?
Нуризат Иманкулова: — Ооба, биз IT багытында иш алып барабыз. Бул дайым тез өнүгүп турган тармак болгондуктан окутуу багыттарын улам жаңылап киргизип турабыз. Быйыл графикалык дизайн адистиги кошулду. Ал эми программисттерди беш жылдан бери окутуп келе жатабыз. Иш берүүчүлөр да программисттер кесиптик лицейде окушу керектигин айтышууда. Анткени бул тармак улам жаңырып тургандыктан ЖОЖдо 4-5 жыл окугуча үйрөнгөн программалары эскирип кетет экен. Балдар бат-бат өздөштүрүп чыгышы керек. Биз бул жаатта тажрыйбабыз мол болгондуктан аймактардагы башка лицейлер менен да иштешебиз. Мындай адистерге эмгек рыногунда талап жогору. Ошондой эле башталгыч кесиптик лицейлерде да абитуриенттер онлайн кабыл алынып калды. Бул аябай жакшы жана ыңгайлуу экен.
— Лицейдин техникалык базасы да мыкты болсо керек?
Н.И.: — Сөзсүз, техниканы жыл сайын жаңыртып турбаса артта калабыз. Ошол себептен муну алдыңкы планга коёбуз. Бизде база жакшы. Экинчиден, IT адистеринин калем сабы менен дептери — анын ноутбугу. Ата-энелерге кайрыларыбыз, болочок программист, системачылардын колунда компьютери болушу керек. Азыр балдардын теңи өз ноутбугу менен окууга келип калды. Лицейде бардык шарт болгону менен бала үйүнө барып иштеши керек да. Бул аларга калем сап менен блокноттой эле зарыл. Лицейде жалпы 25 адистик бар. Анын тогузу он айлык мөөнөттө окутуп, диплом берет. Калган 27си 2-3 ай окутула турган курстар. Мында кесибин которуп же компьютердик жаатта дагы да терең билип, такшалууну каалагандар окуйт.
Г.М.: — Азыр алыскы жана чек арага жакын аймактардагы башталгыч лицейлерге көп көңүл бурулууда. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына барып алардын материалдык-техникалык камсыздоосун өз керектөөлөрүнө жараша инвентаризациялап жатабыз.
Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин отуруму өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Өлкөдөгү беш ЖОЖго өзгөчө статус бериле турган болду. Тизме
— Башталгыч кесиптик лицейлерге тапшыруунун 1-туру качан башталат?
Г.Мамырова: — Жалпысынан башталгыч кесиптик билим берүү системасында 34 миңдей окуучу окуйт. Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу быйыл биринчи жолу онлайн-режимде 15-июлда башталат. Бул абдан ыңгайлуу. Анткени абитуриенттер ата-энелери менен убара болуп келип алып күтүп же ары-бери чуркабайт. Мындай режим коррупцияны алдын алуунун куралы болуп да эсептелет. Кабыл алуу 1-сентябрга чейин уланат.
— Окуу акысы тууралуу сүйлөшсөк, студенттерге кандай жеңилдиктер каралган?
Н.И.: — Биринчиден. мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энеси жок балдар бекер окуйт. Көп балалуу жана социалдык жактан турмушу начар үй-бүлөлөр Соцфонддон маалым кат алып келсе жеңилдиктер берилет. Кыска мөөнөттө окутулуучу адистиктер кечкисин окуйт. Пандемия убагында онлайн иштеп ушул жаатта да аябай жакшы платформа программаларыбыз бар. Балдар ооруп сабакка келе албай калса да ар кандай программалардын жардамы менен өтүлүп жаткан темалар боюнча онлайн кабардар боло алат.
— Мурда жаштар жумуш табылса-табылбаса да жогорку окуу жайларында окууга далалат кылчу эле. Азыр кесиптик лицейлерге кызыккандардын саны арбыптыр...
Н.И.: — Ооба, кээде бизге келген ата-энелер "көп жыл университетте окуп кереги жок, эртерээк коомго керектүү кесипке ээ болуп иштесе" дешет. Анын үстүнө биздин лицейди бүткөндөрдүн көбү жумуш таап кетет. Университетти аяктагандар да келип окушат. Өткөндө Канадага кетүү үчүн кайсы бир IT компаниянын жетекчиси келип бизден окуп кеткен. Анткени ал жакка башталгыч лицейдин сертификаты талап кылынат экен. Ушул жаңы окуу жылында кесиптик лицейлерге 15-16 миң студентти кабыл алуу пландалып жатат.
Улуттук илимдер академиясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Илимдер академиясы эми ЖОЖдор менен эриш-аркак иш алып бармакчы
— Кесиптик лицейге ЖРТ талап кылынбайт да. Тапшыруу шарттары тууралуу айтсаңыз?
Г.М.: — Кыргызстанда 78 жогорку окуу жайы болсо, ошонун 33ү мамлекеттики, ал эми 45и жеке менчик экен. Анда 232 миң бала билим алса, 11%ы эле бюджетте окуйт. Ал эми орто кесиптик окуу жайларда 152 колледж бар. Анын 48и мамлекеттики, калгандары жеке менчик же кайсы бир университетке таандык. Мында 95 миң бала билим алып, анын 11%ы бюджетте. Ал эми биздин баштапкы кесиптик лицейлерде окуган 34 миң баланын 28 миңи бюджеттик негизде окуйт. Келишимдик орундар да бар. Эскерте кетүүчү жагдай, ар бир адистик боюнча группага алгач жеңилдик каралган 10дон бала кабыл алынат. Калган окуучулар эгер атаандаштык жогору болсо, аттестатындагы бааларынын орточо баллы чыгарылып, мектепте жакшы окугандар алынат. Кыргызстанда 2020-жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу жүргүзүлөт. Сайттан университет, колледждерден тышкары лицейлер, андагы адистиктер жана окуу акысы тууралуу маалымат алса болот. Андан сырткары, ЖМКларга окууга онлайн тапшыруунун инструкциясы көрсөтүлгөн кыргыз, орус тилдериндеги видеороликтер жайгаштырылат. Мурда биз 3 жыл окутсак, азыр эки жылга өткөнү турабыз. Билим берүү жаатында орто кесиптик билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын 28-беренесине "башталгыч кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү өз кесиби менен орто кесиптик окуу жайга барса 2-курска отурсун" деген пунктуну киргизип жатабыз. Иш берүүчүлөр менен да тыгыз иштешүүгө өттүк. Себеби эмгек рыногу менен окутуу тармагында ажырым болбошу керек.
— Ишканалар менен лицейдин келишимдери барбы?
Г.М.: — Ооба, бар. Биз Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте лицейде кадимкидей комплекстерди салганбыз. Балдар окуп, жеңил унааларды же чоң айыл чарба техникаларын оңдоо мүмкүнчүлүгү каралган кесиптик лицейлерибиз бар. Эми Жогорку Кеңешке кайрылып ушул лицейлер өндүрүш жайын кадимкидей иштетип, кардарларды тейлеп лицейге жабдык алып берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жагын карап жатабыз. Мындан тышкары, жыл сайын ар кайсы багыттагы 800 мугалимдин тажрыйбасын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул болгон мугалимдердин 30 пайызы гана болуп жатат. Тажрыйба алмашуу, окутуу мүмкүнчүлүктөрүн да кеңейтишибиз керек.
Колледжтин окуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
Кыргызстанда кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу 12-июлда башталат
Бишкек шаардык мэриясына караштуу шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Съездбек Таштакеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2022
Радио
Таштакеев: шахмат мектеп программасына киргизилиши керек
Жаңылыктар түрмөгү
0