Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кытай эксперти: Украинадагы кырдаал Европаны өзөктүк согушка кептеши мүмкүн

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраиналык аскерлер Киевдин жанындагы БТРге отуруп жатат. Архив
Украиналык аскерлер Киевдин жанындагы БТРге отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Эксперт АКШнын аймакта үстөмдүк кылуу аракети Европанын кыжырын ого бетер келтирип жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Украинадагы кырдаал Европаны өзөктүк согушка кептеши ыктымал. Бул тууралуу Кытайдын аскерий эксперти Сун Чжунпин Global Times басылмасына маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер аскердик кризис токтобой күчөй бере турган болсо, Европа ага эрксизден кошулуп кетиши ыктымал. Муну аталган континенттеги мамлекеттер каалаган жок. Эгер чыр-чатак созулса, Россия менен НАТОнун ортосунда тирешүүнү пайда кылат. Мындай учурда Европада өзөктүк согуш чыгып кетиши мүмкүн", — деген Чжунпин.
Эксперт АКШнын аймакта үстөмдүк кылуу аракети Европанын кыжырын ого бетер келтирип жатканын белгилеген. Ошондой эле ал Кошмо Штаттар Украинадагы кырдаалды Европаны көзөмөлдөп, Россияны ооздуктоо үчүн колдонуп жатканын Евробиримдик түшүнүп жатканына токтолгон. Муну менен катар АКШ Киевге көзгө көрүнөрлүк жардам кылууга аракет кылбаганын да белгилеген.
Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Европанын ортосунда согуш чыгышы мүмкүнбү? Боррелдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0