Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекирбаев: Соода түйүндөр жергиликтүү өндүрүшкө бут тосуп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин кошумча нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү боюнча консультанты Уран Чекирбаев
Айыл чарба министрлигинин кошумча нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү боюнча консультанты Уран Чекирбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин кошумча нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын жана кластерлерди өнүктүрүү боюнча консультанты Уран Чекирбаев Кыргызстанда бир нече өлкөлөрдө ири соода түйүндөрү бар компаниялар иштей турганын белгиледи.
Соода түйүндөр жергиликтүү өндүрүштүн товарларын өз соода аянтчасына жайгаштыруу үчүн оор шарттарды коюшууда. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Чекирбаев: Соода түйүндөр жергиликтүү өндүрүшкө бут тосуп жатат
Анын айтымында, жергиликтүү ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү зарыл.
"Кыргызстандагы эң ири делинген компаниялар дүйнөлүк масштабда чакан болуп калат. Ошондуктан соода борборлор дүйнөлүк чоң компаниялар менен келишимдик негизде иштешет. Мисалы, соода борбор ири компания менен келишим түзүп, бардык соода түйүндөрүнө товарды алардан алганы ыңгайлуу болот. Мындан улам алар жергиликтүү өндүрүштүн товарларын өз соода аянтчасына жайгаштыруу үчүн оор шарттарды коюшууда. Натыйжада жергиликтүү өндүрүш импортко атаандаштык кыла албай калууда. Мындай калыс эмес шарттардын түзүлүшү туура эмес. Кыргызстанда өндүрүп, аны сатууга мүмкүндүк түзүлбөй, чет өлкөнүн компанияларына көмөк кылуудабыз. Ошондуктан жергиликтүү ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп колдоого алуу зарыл. Анткени өлкөдө импорт экспортко салыштырмалуу 4-5 эсе жогору. Ошол эле айыл чарба продукциясы боюнча деле ошондой. Ал тургай өзүбүз толук камсыздайбыз деген товарларды дагы импорттойбуз. Бул жагдай азык-түлүк коопсуздугуна, деги эле экономикалык көз карандысыздыкка терс таасирин тийгизет. Анткени бүт дүйнөдө импорт менен экспортту тең кармап, соода балансын сакташат", — деди Чекирбаев.
Ошондой эле ал импорт өлкөдөн валютанын чыгып кетүүсүн шарттай турганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0