VIP залдан өтүп, президент менен жүрөт. "Эмгек сиңирген ишкер" наамы негизделет

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-форумдун катышчуулары. Архив
Бизнес-форумдун катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы ишкерлердин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча жарлык чыгарган.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда ак ниет иштеген ишкерлерге кызматтык паспорт берилип, аларга аэропорттордон "жашыл коридор" берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров салыкчылардын күнүнө карата өткөн иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчы "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койгонун маалымдады. Анын негизинде "КРдин эмгек сиңирген ишкери" наамы киргизилип жатат.
"Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ишкерлерибизге Кыргызстандын кызматтык паспортун алуу укугу берилет. Алар аэропортторго расмий делегациялар, бизнес жана VIP залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер президенттин чет өлкөгө мамлекеттик жана расмий иш сапарлары учурунда делегациянын курамына дагы киргизилет", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, мамлекет башчы өлкөдө 700 миңдей салык төлөөчү бар экенин, анын ичинен 3000ге жакыны бюджетке түшкөн салыктын 80 пайызын толтурарын кошумчалады.
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
ККМ колдонуу: салыктан бошотуу босогосун 16 млн. сомго көтөрүү каралууда
Жаңылыктар түрмөгү
0