Батыштын күчтөр теңдешкен дүйнөдө өзү обочолонуп баштаганын айтышты

© Фотохост-агентство brics-russia2020.ru / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов. Архив
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Ал европалыктар бир кезде алаңгазарлык менен Азия, Африкага башкача көз караш менен мамиле кылганын эскертти.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү учурдагы көп полярдуу, күчтөр теңдешкен дүйнөдө өзү обочолонуп калууда, азыркы жүз жылдыктын аягында, ал тургай экинчи жарымында АКШ жана Европа өнүккөн дүйнөнүн четинде калышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новостиге Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов айткан.
"Реалдуулук боюнча, Батыш дүйнөсү азыркы күчтөр теңдешкен замандын мезгилинде өзүнөн өзү обочолонуп бара жатат. Эгерде азыркы жүз жылдыктын аягында, ал тургай экинчи жарымында АКШ жана Европа XIX кылымда европалыктар алаңгазарлык менен дал ушундай аймак катары Азия же Африканы эсептеген сымал өздөрү дүйнөлүк өнүгүүнүн чет жакасында калса таң калбайм", — деген Венедиктов.
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Батыштын текеберлиги тууралуу айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0