Батыш Украинадан эгинди ташып кетип, аларды кыйынчылыкка кептеп жатканы айтылды

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүБуудай түшүмүн жыйноо. Архив
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Батыш эгиндин жетишсиздигинен келип чыккан азык-түлүк каатчылыгынан улам Россияны дүйнөлүк рынокко украиналык данды алып чыгууга каршылыгын билдирип жатат деп күнөөлөгөн.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Европа Украинадан дан эгиндерин ташып кетип, бул өлкөнүн элин кырылып калууга түртүп жатат. Мындай пикирин РИА Новостиге Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов билдирген.
"Батыш бирөөнүн эсебинен жашап, өнүгүп жана бирөөнүн эсебинен согушуп келет. Муну менен катар капчыгын толтуруп алууга жетишип жатат. Наполеондукун эстедиңерби, согуш өзүн-өзү камсыздашы керек... Түз мааниде алганда азыр согуш өзүн-өзү багууда. Европалыктар украин элин ачкачылыктын астанасына таштап, бул өлкөдөн дан эгиндерин алып чыгып кетүүдө", — деген Венедиктов.
Аны менен катар эле "украиналыктар Американын жана ЕБчилердин кызыкчылыгын коргоп согушушу үчүн эшелондоп курал жиберип жатышат", — деп белгилеген.
Бириккен Улуттар Уюмунда Батыш эгиндин жетишсиздигинен келип чыккан азык-түлүк каатчылыгынан улам Россияны дүйнөлүк рынокко украиналык данды алып чыгууга каршылыгын билдирип жатат деп күнөөлөгөн. Москва анын таптакыр туура эмес экендигин айтып, четке каккан. Муну менен катар эле Киев бийлиги дан эгиндерин экспортко алып чыгыш үчүн бир топ тоскоолдуктарды кылган. Мариуполь портундагы амбарда өрттөлгөн эгин менен кошо эле украиналык аскерлер Кара деңиздин акваториясында миналоо иштерин жүргүзгөн. Бул дүйнөлүк рынокко кеме менен ташуу иштерине бөгөт кылды.
РФ лидери Владимир Путин Россия Украинадан дан эгиндерин ташып чыгууга бут тоспогондугун, эгерде Киев портторду минадан тазаласа, кемелер ал жерден дүйнөлүк рынкокко бейкапар чыгарын билдирген.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Батыштын күчтөр теңдешкен дүйнөдө өзү обочолонуп баштаганын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0