00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эс алуучулардын коопсуздугу кантип сакталат? - Туристтик милиция алдына коюлган милдеттерин кандай аткарууда?
11:08
20 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Соттордун ишин жеңилдетет. Медиация жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырды
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкекте бруцеллёз оорусуна кабылгандар көбөйдү – Кооптуу оорудан кантип сактануу керек?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как защищают трудящихся из КР в России - беседа с омбудсменом РФ
18:07
23 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:30
0 мин
Тема дня
Графа «гражданство» в свидетельстве о рождении — зачем хотят её убрать?
18:34
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
После визита Жапарова: что ждёт экономики Кыргызстана и Таджикистана
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкекте бруцеллёз оорусуна кабылгандар көбөйдү – Кооптуу оорудан кантип сактануу керек?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сары-Моголдо таежеси сабады делген үч жашар бөбөк. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБаланын колунан кармап турган адам. Архив
Баланын колунан кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Жазылуу
Үч жашар бөбөк таежесинин колунда үч ай болуп, кордук көрүп, зомбулукка кабылганы айтылууда.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Алай райондук ооруканасынан 27-июнь күнү милицияга үч жаштагы Н. аттуу бала ар кандай жаракат алып, колу-буту көгөрүп, башы жарылып, сыйрылып түшкөнүн кабарлашкан. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Аталган билдирүү Алай райондук милициясынын малыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Маалыматта баланын энеси бөбөктү бир тууган эжесине таштап, учурда миграцияда чет өлкөдө иштеп жүргөнү айтылды.
Үй-бүлөдөгү аялдын 33, ал эми эркектин 40 жашта экени, Чоӊ-Алай районундагы Кашка-Суу айылынын тургундары экени маалым болду. Аялы-күйөөсү Сары-Могол айылына көчүп келип ар кимдин үйүндө убактылуу батирде жашап жүрүшкөн учурда, тагыраагы, 2022-жылдын 6-мартында бир тууган сиңдиси эжесине кайрылган.
"Сиңдиси баласын "жай мезгилине чейин карап тургула" деп таштап кетип ушул күнгө чейин байланышкан эмес", — деп айтылат маалыматта.
Тагыраагы, үч жашар бөбөк таежесинин колунда үч ай болгон.
Милициянын билдирүүсүндө баланы уруп-сабаган аял-эркек дарыгерге көрсөтпөй, ооруканага алып барбай үйүндө карап жүргөн. Маалыматка караганда, акыркы ирет 24-июнда кол көтөрүп, ошондон улам бул иштер ачыкка чыккан.
Алардын мындай кылыгын жаңы жерге көчүп келгенден кийин кошуналары байкап калып, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерлерине билдиришкен.
"Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерлери аталган айылдагы үй-бүлөгө барганда үч жаштагы баланын колу-буту көгөрүп, башы жарылып, сыйрылып, денесинде жаракаттар арбын экендигин көрүшкөн. Алар бөбөктү Сары-Могол айылдык ооруканасына жеткирип, андан соӊ Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна (ЖДПБ) алып келишкен", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан Н. аттуу бөбөктүн ата-энесин жана анын өзүнүн документтеринин бар-жогун аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Балага тиешелүү экспертизалар дайындалгандыгын, анын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга карата юридикалык баа берилерин билдиришти.
"10 күнгө чейин териштирүү иштери жүргүзүлүп, далилдүү материалдар топтолгондон кийин кылмыш иши козголот", — деп айтышты облустук милициянын маалымат кызматынан.
Ал эми соңку маалыматтар боюнча, тергөөчүлөр баланын энесин таап, аны менен телефон аркылуу байланышкан. Бөбөк Бишкек шаарында төрөлгөн.
Текшерүү иштерин Алай РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.
Бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2022
Сокулукта сабалган бөбөк ооруканадан чыкты. Эми аны ким багат?
Жаңылыктар түрмөгү
0