Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды. ТүркПА отурумундагы чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековТүркПАнын XI пленардык отуруму
ТүркПАнын XI пленардык отуруму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
Уюмдун кийинки жыйыны 2023-жылы Стамбул шаарында өтөт.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. ТүркПАнын XI пленардык отурумунун жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйын Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы алдында өттү.
Кабыл алынган чечимдер:
"Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы" деген аталыш "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы" деп өзгөртүлдү;
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды;
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын катчылыгынын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчёттор, аталган мезгилдеги бюджеттин аткарылышы боюнча баяндамалар жасалды;
Өзбекстанда жана Кыргызстанда былтыр өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссияларынын отчёттору кабыл алынды;
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилди;
2023-жылы аткарылуучу иш-чаралардын планы жана бюджети такталды;
ТүркПА комиссияларынын төрагалары дайындалып, алардын орун басарлары шайланды;
Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.
ТүркПАнын кийинки отуруму 2023-жылдын 27-29-апрель күндөрү Стамбулда өтөт.
Заседание Парламентской ассамблеи тюркоязычных стран (ТюркПА) в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Осмонов менен Султанбекова ТүркПА комиссиясынын жетекчилигине дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0