Уктап калып өмүрүңдөн айрылба! Ысык-Көл милициясы эскертүү ролигин жарыялады

Жазылуу
Yandex newsTelegram
Ысык-Көл облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү "Уктап калып өмүрүңдөн айрылба" аталышында видеоролик тартып жарыялады.
Милиция жайкы сезон башталары менен Ысык-Көлдүн жолдорунда күнү-түнү каттам токтобой турганын эскертти. Бирок узак жол жүрүп чарчап калган айдоочулар жол кырсыгына кабылуу тобокелчилигин жогорулатарын белгиледи.
"Ысык-Көл облустук ЖКККБ бардык айдоочуларды шашылбай, токтоп эс алып, андан соң жол тартууга чакырат. Саякатка келген жарандарды да айдоочулардын эс алуусуна көңүл бурушун өтүнөбүз", — деп жазылат кайрылууда.
Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда уктап кетип жол кырсыгына кабылган беш факты катталган. Мунун кесепетинен беш адам каза болуп, он бири ар кандай жаракат алган. Анын ичинен бешөө жаш бала.
Тема боюнча:
Туристтик милиция Ысык-Көл тууралуу ролик тартып, эс алуучуларга кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0