Турак жай кооперативи акчаны эмнеге кайтарбай жатат? Кардарларынын чуусу видеодо

Жазылуу
Бишкекте "Ихсан" турак жай кооперативине акча салган жарандар же үйдөн, же акчадан жок калганын айтып арызданып жатат. Алар кооперативден акчасын кайтарып ала албай убара болуп, эшигин каккылап жүрүшөт.
Кооперативдин үлүшчүсү Гүлзада Көкүлева былтыр октябрда үй алуу үчүн "Ихсанга" 725 миң сом салганын билдирди.
"Өзүм ичпей-жебей чогулткан акча болчу. Келишим түзгөндө быйыл 14-мартта үй алып беребиз дешкен. Келсем жок. Эгер акчаны сурай турган болсок, 14 күндүн ичинде кайтарууну убадалашкан. Мына үч айдан бери жүрөм", — деди Көкүлева.
Дагы бир үлүшчү Илимбек Мырзахметов укук коргоо органдарына 500гө чукул адам арыз жазганын белгиледи. Мындан улам президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти тыкыр иликтеп беришин суранды.
"Бардык бийлик структураларына кайрылдык, бирок иш жылбай жатат. 10 миңдей адам азап чегип жатса, кооперативдин жетекчиси жайбаракат, эч ойлонбой жүрөт. Эч ким аны жоопко тартпай жатат, акчабызды кайтарган жок. "Ихсан" болуп көрбөгөндөй башаламандык кылууда. Эл азыр араң эле чыдап турат, каалаган убагында жарылып кетиши мүмкүн. Кудай сактасын. Өлкөбүздө тынчтык жана туруктуулук болсун", — деди Мирзахметов.
"Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева бул уюм 2020-жылы ачылып, 10 миң киши акча төгүп катталганын билдирди. Эки жылдын аралыгында 3800 адамга үй алып бергенин айтууда. Калганы кезегин күтүүгө аргасыз.
"Ишибиз тынч жүрүп жаткан маалда акчасын сурагандарга 14 күндө кайтарып бергенге мүмкүнчүлүк бар эле. Азыр массалык түрдө арыз жазгандыктан каражат жетпей, кезекке туруп жатышат. Каражатын алууну талап кылган 1400дөй адамдын 100үнө кайтардык. Кооперативдерди каралоонун айынан биз ушундай кризиске кептелдик. "Кооперативдердин тобокелчилиги жогору, пирамида" деп Улуттук банк, блогерлер соцтармактарда чыгып жатты. Анан карапайым эл чочулап калды. Мунун айынан бардык кооперативдер ишин токтотту", — деди Бекмурзаев.
Ошондой эле ал кооперативди ИИМ, прокуратура, УКМК, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы текшерип жатканын кошумчалады.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-март айында турак жай кооперативи жана финансылык пирамида боюнча 577 кылмыш катталып, 339у сотко жиберилген. Азыр 200дөн ашык иш тергелип жатат. Арыз жазгандардын саны күн сайын өсүүдө. Мындай иштердин кесепетинен элге 156 миллион 225 миң сом жана 27 миң доллар чыгым келтирилген. Анын 130 миң сому гана кайтарылган.
Тема боюнча:
Милиция: Ошто элди алдаган делип кооперативдик ишкананын жетекчиси кармалды
Оңоюна качырат. Адис эл эмнеге турак жай кооперативине кайрыларын түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0